Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
23:16
Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
23:07
РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт
23:07
Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат
23:06
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда депутат, мурдагы төрага майып адамды сабаганбы?

Жалал-Абад жаңылыктары
426
0
Анын айтымында, окуя 22-июнь күнү болгон.
Тажимамат Алымкулов
«Мен 22-июнь күнү Өзбекстандан келген коноктор менен бирге "Падыша-Ата" коругуна эс алганы баргам. Ак-Сай деген жерде жайгашкан эс алуучу жайга жайгаштык. Ал жер Кербен шаардык кеңешинин депутаты К.Б. деген адамга таандык экен. Кечки саат 16:00 чамасында бут кийимимди таппай калдым. Ал жерди иштеткен Иса деген балага бут кийимим жок экенин айтып кайрылдым. Алар билбей турганын айтты. Кийин карасам бут кийимим баштыкчама салынып калыптыр. Мен бут кийимимди тапканымды айтсам (Иса) "кайра, кайра келесиң" деп уруп жиберди. К.Б. дагы ошол жерде экен. Экөөлөп уруп салышты. Мен 2-топтогу майып болгондуктан эч нерсеге чамам жеткен жок. Бетим жарылып, мурдум канады. Ал жерде автоунаа жок болгондуктан ооруканага бара алган жокпуз. 1 күн ошол жерде калууга туура келди. Депутат бизди "милицияга арыздансаңар, өзүңөр камаласыңар" деп коркутту. Өзбекстандан келген коноктор 3 күн эс алышмак, бирок 1 күндөн кийин кетүүгө аргасыз болушту», - деди Т.Алымкулов.

Аксы аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кылыч Буланбеков учурда ооруканада дарыланып жаткан Т.Алымкуловдун абалы орто экенин билдирди.

«Ал кандай жаракат алгандыгы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Экспертизадан кийин белгилүү болот», - деди ал.

Сөз болуп жаткан К.Б. шаардык кеңештин мурдагы чакырылышынын төрагасы болгон. 2016-жылы декабрь айындагы шайлоодо депутат болуп келген. Учурда ал маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Кербен шаардык кеңешинин учурдагы төрагасы Нурбек Шадыбеков депутаттын мушташканы жөнүндө укпаганын билдирди.

«Ал андай жолго барбаса керек. Жашы улуу эле киши. Эгер милиция тергеп жатса, аягына чыкса керек. Азырынча эч нерсе дей албайм», - деди Н.Шадыбеков.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган факт боюнча арыз катталганын билдирди. Алардын маалыматына караганда, милицияга 23-июнь күнү Аксы аймактык ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Ооруканага ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучунун арызын кабыл алган.

«Тажимамат Алымкулов 1956-жылы туулган. Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, текшерүү жүрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кербен шаардык кеңешинин депутаты Ыманалы Сариев сабалган. Кийин депутат аны сабагандарды кечирип, иш өндүрүштөн кыскарган.

Кербен шаардык кеңешинде 5 партиядан келген жалпы 31 депутат бар.
 
Маалымат катары:

«Падыша-Ата» мамлекеттик коругунда арча токойлорун, республиканын Кызыл китебине киргизилген Семенов ак карагайын, андан башка биотүрдүүлүктү коргоп жана сактап калуу максатында 30 миң 556,4 га жер аянты корукка алынган. Корукта сүт эмүүчү жаныбарлардын 30 түрү, канааттуулардын 51 түрү, өсүмдүктөрдүн 800дөй түрү, анын ичинен Кызыл китепке кирген жаныбарлардын 3, канаттуулардын 4, өсүмдүктөрдүн 8 түрү, ал эми дары чөптөрдүн 22 түрү бар.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:369829/?from=kg_turmush&place=newstoplast
скачать dle 11.0фильмы бесплатно