«9-класстан баштап Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде билим алып баштадым. Кореядагы мелдешке спорттун алыш күрөш түрү боюнча катышып, 70 кг салмакта күч сынаштым. Алгач түркмөнстандык балбан менен беттешип, аны жеңүү оңой болгон жок. Андан кийин болгар, өзбекстандык балбандар менен күрөштүм. Мелдештин эртеси салмак куубай 71 кг салмакта казак күрөшү боюнча 80 кг салмактагылар менен беттештим. Россиялык, эстониялык жана кореялык спортчуларды жеңип, бирок казакстандык балбанга утулуп калдым. Мелдеш жакшы өттү. Кыргызстандан барган 3 кыз, 3 бала 8 медаль менен кайттык», - деди Элдияр.
22 жаштагы Элдияр Сексенбаев буга чейин спорттун алыш күрөш түрү боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болгон жана Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнирде 16 мамлекеттен келген спортчулардын ичинен баш байгени жеңип алган. Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дене тарбия факултетинин 4-курсунун студенти.
Буга чейин «Sport АКИpress» басылмасы 4-сентябрда Кыргызстандын Кореядагы элчилигинде уруш өнөрүнүн бүткүл дүйнөлүк оюндарына катышкан Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрүн сыйлоо аземи өткөнүн жазган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, элчиликтин кызматкерлери спортчуларга баалуу белектерди тапшырышкан.
Сыйлык алган спортчулар:
- Нагира Сарбашова (2 алтын медаль);
- Мадаминбек Шаршеналы (алтын медаль);
- Эралиев Мирлан (алтын медаль);
- Нурзат Бактыяр кызы (күмүш медаль);
- Камолиддин Абдурахимов (күмүш медаль);
- Элзада Момунжанова (коло медаль);
- Элдияр Сексенбаев (2 коло медаль).
http://www.turmush.kg/news:375030?from=turmush&place=byregion