Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:43
Жакшы жаңылык! Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирусту жеңди
16:41
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 144 учур катталды. Алар кайсы аймактарда?
16:34
Кайсы облуска кандай жардам берилди? Өкмөттүн маалыматы
15:28
Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды
15:20
Нарындын ичинде унаа кыймылына чектөө киргизилди
15:15
Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
14:35
Министр Фучиктеги заманбап кыргыз-түрк ооруканасы качан ишке кирерин айтты
13:07
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
13:07
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
12:51
"Акун" компаниясы: өткөрмө кагаздарын алдык, ун чыгарууну улантабыз
12:46
Даяр кагазды алып кетише элек! Бишкек комендатурасы "Акунга" жооп берди
12:36
Апрелде пенсия эртерээк берилип, акчаны почта кызматкери үйгө жеткирет
11:56
“Акун” компаниясы ун өндүрүүнү токтотту.
11:42
Бишкектин түштүк тарабы да карантиндик зонага кошулду. Көчөлөрдүн тизмеси
11:31
Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты чектөөлөрдү күчөттү
11:28
Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат?
11:22
Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду
11:16
Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды
11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
Бардык кабарлар

Бекболот МИҢБАЕВ, мэр: “ТАШ-КӨМҮРДӨ АЛДЫГА БОЛГОН ЖЫЛЫШ ЗОР”

Жалал-Абад жаңылыктары / Интервью
857
0

Бир учурларда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары күркүрөп өскөн, атагы алыска кеткен шахтёрдук шаар болгону маалым. Акыркы кездерде, тагыраагы өлкө эгемендигин алган жылдардан тарта ал шаардын абалы начарлай баштаганы тангыс чындык. Азыркы учурда шаардын абалы, андагы өзгөрүүлөр жана алдыдагы өнүгүү пландары тууралуу калаа башчысы Миңбаев Бекболот Бекназарович менен маек курдук.

 

Бекболот МИҢБАЕВ, мэр: “ТАШ-КӨМҮРДӨ АЛДЫГА БОЛГОН ЖЫЛЫШ ЗОР”- Бекболот Бекназарович, саламатсызбы? Бир учурларда атагы алыска чыккан шаардын азыркы абалы кандай?
- Саламатчылык. Туура бир учурларда Таш-Көмүр шаары көпчүлүккө аты чыгып, күркүрөп турган шаар болчу. Союз ыдырагандан тарта бул жердеги ишканалар өз жумуштарын токтотуп жатып, акырындык менен төмөндөй баштаган. Ал эми биз ал нерселерди жөнгө салып, акырындык менен шаарды кайрадан өнүктүрүп түптөөнүн аракетинде иш жүргүзүүдөбүз.

- Өнүктүрүүнүн аракетин көрүп жатсаңыздар ал качан ишке ашат?
-Буйруса бардык иштер акырындык менен ишке ашып келүүдө. Акыркы 25 жылды эмес мен келген-ден берки 3 жылды эсепке алганда шаарда бир топ жандануу бар. Өз аракеттерибиз менен шаарды өнүктүрүүнүн иш пландарын түзүп, бар аракетибизди жаңы ишканаларды түптөөгө жумшап жатабыз.

- Мен келгенден берки деп калдыңыз. Сиз качан, кантип шаар башчысы болуп калгансыз? Андан бери эмне жумуштарды аткардыңыз?

- Мен Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп 2013-жылдын январында, шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосу менен келгенмин. Билимим жогорку. Негизи тарыхчымын. Кошумча юридикалык да билимдин ээсимин. Мурда жеке ишкерлик менен алектенчүмүн. Учурда эл өкүлдөрү менен биргеликте шаардын кызыкчылыгы үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштөөдөбүз. Ал эми мен келгенден бери шаар бюджетинде дээрлик 3 эсеге өсүү болду. Шаар абалы да жаман эмес, бир топ алга жылыштар бар.

- Көп жерде депутаттар менен аткаруу бийлигинин пикир келишпестиктери көп жумуштарга тоскоолдук бергени чындык. Сиздерде абал кандай?

- Депутаттар менен аткаруу бийлиги тил табышып иштешип, шаардагы социалдык, экономикалык маселелерди бирге чечкенге аракет кылабыз. Ошондуктан 3 жыл аралыгында шаардын инфратүзүмдөрүнүн жакшырышына, жергиликтүү бюджетти көбөйтүүдө жана башка күндөлүк зарыл иш-тердин өз убагында бүтүп жатышына шаардык кеңештин депутаттарынын салымы чоң экенин баса белгилегим келет. Сизге маалым болгондой шаарыбыз чакан. Менин жасап жаткан иштеримди дээрлик баары аларга дайын деп ойлойм. Элибиз үчүн эң чоң маселе турак-жай курууга жер маселеси. Биз быйыл шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, Шамалды-Сай шаарчасынан 3, Кызыл-Жар шаарчасынан 6 га жер аянттарын жеке менчик турак-жай курууга бөлүп берели деп жатабыз. Дагы бир жакшы саамалык шаардык кеңештин чечими менен атайын жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, 110 жаштагы Саткын Айталиева апабызга Кичи курулуш районуна 300 миң сомго бир бөлмөлүү батир сатып алып бердик. Батирди оңдоп-түзөп, 100 миң сомго заманбап эмеректерди орноштуруп бердик.

- Кепти шаар бюджетине бурсак. Сиз келгендеги менен азыркы учурдагы бюджети салыштырсаңыз?

- Мен келгенде шаардын бюджети 32 миллион болчу. Чынында эл жаңы келгенде бир топ көйгөйлөрдү чечүү керек болуп, шаар бюджетинин тартыштыгын чечүү зарыл эле. Анткени шаар 12 миллион сомдук дотацияда отурган эле. Мен келерим менен эле биринчи маселе катары салыктан салык эмес түшүүчү каражаттарды жана ГЭСтерден түшүүчү салыктарды шаар бюджетине төкпөй-чачпай түшүүрүү максатын көздөрүм. Өкмөткө бир нече жолу кайрылууларды жасап жатып ГЭСтерден түшүүчү салыкты 40 миллион сомго көтөрдүм. Бүгүнкү күндө ошол салыктардын эсебинен Таш-Көмүр шаарынын бюджетинин эсеби 88,5 миллион сомго көтөрүлдү.

- Мектептерге болгон мамилеңиздер же болбосо көңүл буруулар кандай нукта баратат?

- Биз эң негизги маселе катары билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерге өзгөчө көңүл бөлүп келдик. Шаарда жайгашкан жогорку жана орто окуу жайларынын, жалпы билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында 2015-жыл ичинде республикалык бюджеттин жана жеке күчүбүздүн эсебинен жергиликтүү бюджетти кошпогондо 30 миллион 662 миң сомдук курулуш иштерин жүргүздүк. Ал эми шаардык жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да жакшы иштер алынып барылды. Мисалы, 4 миллион 589 миң сом акча каражаты бөлүнүп, №1 “Мишутка”, №3 “Байчечекей”, №5 “Чабалекей балдар бакчасына жана №2 Келечек мекемелеринде жаңылануу иштери жүрдү.
Быйыл 2016-жылга, буюрса, 4 долбоорубуз түрткү берүүчү грантка өткөрүлдү. Атай кетсек, №2 К.Осмонкулов жана №8 М.В.Фрунзе орто мектептерине ашкана куруу, №9 А.Осмонбеков атындагы орто мектептерине жылуулук системасын киргизүү жана “Келечек” балдар бакчасынын чатырын алмаштырып, имаратын реконструкциялоо иштери жасалды. Ушуга окшогон иштерди жүзөгө ашырып, жаш муундарды колдоп, аларга жакшы шарт түзүп берүү негизги максатыбыз.

- Шаардыктарды суу, газ, электр энергия менен камсыз кылуу иштери кандай жүрүүдө?

- Илгери союз убагында биздин калаа бардык жагынан жетишкен, жакшы шаар эле. Кийин эгемендик жылдарында шаардын абалы начарлап кеткен. Азыркы кезде шаарда шартка байланыштуу газ жок, калкыбыз мындай ыңгайлуулуктардан пайдалана алышпайт. Анан да Нарын суусунун жээгинде жайгашып туруп, сууга зар болуп келгенбиз. Азыр ал маселелер чечилип, шаар эли таза суу менен камсыз болушту. Шаар калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында шаардын борбордук бөлүгүндөгү ичүүчү таза суу системаларын АРИС долбоорунун алкагында реабилитациялоо иштерин жүргүздүк. Бул максатта 55 миллион 742 миң 315 сомдук жумуш аткарылып, бүгүнкү күндө шаар таза суу менен камсыз болду. Учурда шаардын калкы электр энергиясы менен толук камсыздалып, электр жарыгы жок үйлөр жокко эсе.

- Бекболот Бекназарович, алдыдагы жасала турган иштериңизге токтолсоңуз?

- Чынында бир маселени бөлүп кароо мүмкүн эмес экен. Иш-чарада каралган бардык максаттуу иштер өз убагында аткарылууга тийиш. Алдыңкы убакыттар аралыгында шаарыбызды өнөр-жайлары өнүккөн, эң көрктүү шаарлардын катарында көрүүгө болот десем жаңылышпайм. Болгону ал үчүн бизге убакыт керек. Убакыттын өтүшү жана талаптарды так аткаруу менен Таш-Көмүрдү эң өнүккөн шаардын катарына кошуу планында турабыз.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык!

скачать dle 11.0фильмы бесплатно