Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:11
Табышып койгула! Бишкекте 13 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт
10:55
Кичи-Кеминде Карылар күнү белгиленди
10:43
Үй алууга ниеттенип жаткан 34 жаштагы Чолпон турмушка чыгып, максаты өзгөрдү
15:34
Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
15:00
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
13:43
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр
11:13
Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды
13:16
Финпол финансы министрин суракка чакырып, ведомствону тинтүүгө алганы айтылды
13:14
Кыргызстанда атайын жолдомолорго электрондук кезек түзүү сунушталып жатат
13:00
Кыдыкстан. БУУда Кыргызстан деген сөздү айта албай кыйналышты
11:20
Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
11:13
Жогорку соттун төрайымы алдыдагы төрт жылда жасалчу иштерди айтты
13:32
Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди
10:55
Кыргызстандагы үч оорукана бейтаптардан акы ала баштайт
12:51
Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
10:30
Ак-Талаанын үч айылында Калифорния калканчасы катталды
10:14
Нарын районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду
10:09
Бутубуз сынганына карабай иштеп жүрдүк: Гүлзада айымды айылдагылар «Жаны жок айым» деп аташат (сүрөт)
15:33
Шыкмаматов тажик тараптын "бул биздин жер" дегени кайдан чыкканын айтты
14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
Бардык кабарлар

Спецназ Күмүшай: «Бул кыздардын кесиби эмес дегендерге жообум бар»

Жалал-Абад жаңылыктары
10
0
Күн сайын кесиптештериндей күнүмдүк көнүгүүлөрдүн баарын жасайт. Талаага чыгып ок атышса ал жакта тик турган айым менен аймактык кабарчыбыз баарлашты.

Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылынын тургуну Күмүшай Орозкулова спорттун чебери, каратэ-до боюнча кара курдун ээси, 1 Дан. Ал 12 жашынан тарта машыгып келет. Аны спорт залга атасы алып келген.

«Биз окуган Б.Шамшиев атындагы мектепке каратэ-до боюнча кара курдун ээси, 2 Дан Алишер Сыдыков деген окуучуларга каратэ үйрөтүп калды. Айылдан ошол учурда 20дай кыз барчу элек. Көпчүлүк кыздарды аталары унаалары менен таштап кетчү. Биздин үй да мектептен алыс болчу, мен жөө келчүмүн. Эки жылдан кийин агайыбыз кетип калгандыктан, облустук балдар чыгармачылык үйүндөгү Төлөн Жакшыбаевдин колуна келгем. Ошондон бери ушул агайым тарбиялап, жол көрсөтүп келет. Бул спортко келип ден соолугумду чыңдап, физикалык жактан күчтөнбөстөн, чечкиндүү болууну үйрөндүм. Агайларыбыз дайым «калп айтпагыла, баары бир кыймыл аракетиңерден билинип калат» деп көп айтышат. Моралдык жактан да, тарбиялык жактан да калыптанасың», - дейт Күмүшай.

Орто мектепти аяктаган соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Бир учурда окууну жана спортту бирдей алып кетүүдө кыйналган.
 
«Эртең мененки саат 08:00дөн саат 15:00гө чейин билим алып, анан кийин дароо залга жөнөчүмүн. Убакыт жетиштире албай, кыйналып калган учурум болду. Апам «биринчи окууңду бүткөрүп ал, анан кайра спортту улайсың» деп калды. Катуу чарчагандыктан 10 күн спортко залга барбай, окуум менен алек болдум. Күндө спорт менен машыгып жүргөн адамга кыйын экен тескерисинче кыйналып кеттим. Өзүмдү оор сезе баштадым. «Кыйналсам дагы залга бара берейин» деп кайра бара баштадым. Агайларыбыз «каратэ-дону сен таштап кете албайсың, сени таштап кетет» дешчү. Чын эле мени таштап кетмейинче колумду үзө албайт экенмин», - деди ал.

Ата-энесинин колдоосу менен спортко сүңгүп кирген Күмүшай 2017-жылы Казакстандын Астана шаарында каратэ-до боюнча өткөн сынакта 12 кыз менен беттешип, Борбор Азиянын чемпиону болгон. Андан кийин ага ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы кызматкери болуу сунушу түшкөн. Ансыз да форма кийүүнү эңсеп жүргөндүктөн дароо макул болгон.

«Кичинемден форма кийгенди кыялданчумун. Кудайга шүгүр кыялым ишке ашты. Спорттон улам аскер кызматкери болуп калдым. Мектеп мезгилимде эле эркектер менен кошо машыгып жүргөндүктөн, иште анчалык деле сүрдөгөн учурум болгон жок. Баары бир жалаң эркектер иштеген жерди өздөштүрүп кетүүдө кыйналдым. Эркектер менен тең тайлашып көнүгүүлөрдү жасоо оңойго турбайт. Биринчи курал жарак атканды үйрөнгөнү талаага чыкканда колдорумду туура эмес коюп алгандыктан колум, денем көгөрүп кеткен. Эжем «иштебей эле койчу, карачы денеңдин көгөргөнүн» деп кыжаалат болчу. Баары бир өзүмдүн айтканымдан кайтпай, ушул тармакта калдым», - дейт Күмүшай.

Облустук ички иштер башкармалыгында же түрдүү саамалыктарда борбордук аянтта ротанын кызматкерлери менен кошо көнүгүүлөрдү берилип жасайт. Антпесе көнүгүүлөрүн унутуп калат.

«Иш-чарларга чыга турган болсоң, залда дагы даярданасың. «Эл көрүп жатат» деген ой болсо жасай турган көнүгүүлөрдөн адашып кетем. Ошондуктан ошол учурда образга кирип, купулга толгудай жасайын деп бүт күчүмдү жумшайм. Күндө машыкканым текке кетпесин деп кудайдан тиленип турам», - дейт ал.
 
Келечекте генерал айым болгусу келген Күмүшайдын аракетин колдобогондор да четтен чыгат. Эл арасында «Спецназ болуу кыздардын жумушу эмес. Сага башка жумуш жокпу?» дегендер көп. Мындай учурда аларга бере турган жообу даяр.

«Атам менен көп сүйлөшөм, өтө жакынмын. Барарым менен «Башка кесип куруп калдыбы» дегендер болду деп айтып калам. Атам «Бул сенин кичинекей мезгилиңдеги каалооң, көксөөң болчу го, кызым. Сен башкалардын ар кандай сөзүн укпа. Өзүңдүн алдыга койгон максатыңа жетүүгө аракет кыл. Апаң экөөбүз сени дайым колдойбуз» деп шыктандырып турат. Мындай учурда ишиме болгон сүйүүм ого бетер артат. «Спецназ болуу кыздардын жумушу эмес» дегендерде жооп берип жатып, генерал болуу ниетим бар экенимди айтам. Ар ким, ар кандай кабыл алышат. Көпчүлүк адамдардын аң сезимине "Аялдардын милиционер же генерал болушу мүмкүн эмес, бул эркектердин жумушу" деген стереотиптик ой жүгүртүү сиңип калганы өкүндүрөт. Мени бир гана ата-энем эмес, жумуштан командир, кесиптештерим дагы колдоп турушат», - дейт спецназ кызматкери.

№3 ротанын командири Равшанбек Кожобеков да Күмүшайды шамдагайлыгынан улам өздөрүнө жумушка чакырышканын айтып берди.

«Күмүшай окуучу мезгилинде эле спорттук иш-чараларда өзүнүн шамдагалайлыгы, активдүүлүгү менен айырмалана алчу. Тез ыкчамдыгын эске алып, бизге жумушка кирүүнү сунуштадык, макул болду. Анын да милиция кызматкери болуу оюнда бар экен. Бул бизде атайын багыттагы аскер кызматкери болуп иштеген үчүнчү айым. Көптөгөн ийгиликтерди да жаратып, биздин ротанын кадыр-баркын көтөрүүгө өз салымын кошууда. Быйыл каратэ-до боюнча Чехияда өткөн сынакта да жакшы байге менен кайтып келди. Биз үчүн сыймык», - деди ал.

Күмүшай Орозкулова 5 бир туугандын төртүнчүсү. Жалал-Абад облустук Карате-до федерациясынын машыктыруучусу. Жумуштан кийин 4-6 жаштагы балдарды каратэ-дого үйрөтөт.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:377698
скачать dle 11.0фильмы бесплатно