
Ноокен районунун дагы бир тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон 8000 сомдук торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси («Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү делип Ноокен районунун 4 тургуну кармалды. Изин жашырып жүргөн жеринен 1992-жылы туулган П.Ш., 1995-жылы туулган Т.И., 1998-жылы туулган А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну С.С. ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган мал-жандыктарды жакынкы райондордогу мал базарларга алып барып сатып жиберишкени белгилүү болгон.
Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси такталууда.
http://www.turmush.kg/news:380631?from=turmush&place=byregion