Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда быйыл байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар сыйланды. Алар кимдер?

Жалал-Абад жаңылыктары
873
0
Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев быйыл жалал-абаддык спортчулар чет өлкөдө көптөгөн ири мелдештерде өлкөнүн желегин желбиреткенин белгиледи.

«Өлкөнүн намысын коргоп, көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиздер. Чет мамлекеттерде желегибиздин желбирегени үчүн сүйүнүп жаттык. Жаңы жыл майрамынын алдында жыл ичинде ийгиликке жетишкен спортчуларга көңүл буруп, майрамдык маанай тартуулап коюуну туура көрдүк», - деди ал.

Акчалай сыйлык менен жалпы 27 спортчу сыйланды. Дүйнөлүк, Азияда өткөн мелдештерде 1-орунду жеңгендерге 15 миң сомдон, 2-орунга ээ болгондорго 10 миң сомдон, 3-орунга илингендерге 5 миң сомдон тапшырылды. Спортчулар үчүн жалпы 260 миң сом каралган.
 
1-орун үчүн сыйланган спортчулар:

- Сатарова Гүлшаной, Малайзия өткөн Азия кубогунда 1-орунду ээлеген;

- Каратаева Жибек, Румыниянын Констанца шаарында өткөн кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 40 кг салмакта 1-орунду жеңген;

- Рустам уулу Нурадин, Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн жаштар арасындагы азия чемпионатында бокс боюнча 69 кг салмакта 1-орунга ээ болгон;

- Иляз уулу Ренат, Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн жаштар арасындагы азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта 1-орунду жеңген;

- Идирисов Бектур, Индиянын Дели шаарында самбо Азия чемпиону болгон;

- Закиров Мухаммадазиз, Казакстандын Арыс шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду жеңген;

- Сулайманов Калы, Россия Федерациясынын Барнаул шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеген;

- Талантбеков Умар, Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунда каратэ-до боюнча эл аралык мелдеште 35 кг салмакта 1-орунду жеңген.

Жыл ичинде мелдештерде 2-орунду багындырган спортчулар:

- Асхат уулу Өткүр, Румыниянын Констанца шаарында кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 50 кг салмакта 2-орунду жеңген;

- Тайлаков Нурсултан, Индиянын Дели шаарында самбо боюнча Азия чемпионатында 2-орунду ээлеген;

- Мурзабаев Эмилбек, Индияда өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында 2-орунду ээлеген;.

- Акимжанов Орозбек, Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунда каратэ-до боюнча эл аарлык мелдеште 52 кг салмакта 2-орунду уткан;

- Эргешов Бекзат, Кувейт мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында окуучулар арасында бокс боюнча Азия биринчилигинде 35 кг салмакта 2-орунду ээлеген;

- Рахат уулу Нурсулта, Казакстандын Арыс шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 70 кг салмакта 2-орунду багындырган;

- Салиев Мухаммадрасул, Казакстандын Шымкент шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 45 кг салмакта 2-орунду жеңген;

- Исабеков Мурзакул, Чолпон-Ата шаарында өткөн Азия чемпионатында кол күрөш боюнча 75 кг салмакта 2-орунду багындырган;

- Ушул эле Азия чемпионатында 90 кг салмакта Доңдоев Токтогул 2-орунду ээлеген.

3-орунду ээлеген спортчулар:

- Акматов Бексултан, Румыниянын Констанца шаарында кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 90 кг салмакта 3-орунду жеңген;

- Сексенбаева Элдияр, Түштүк Корея мамлекетинин Чингжу шаарында бел боо, алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 70 кг салмакта 3-орунду багындырган;

- Исмаилов Амантур, Монголиянын Улан-Батор шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 67 кг салмакта 3-орунга ээ болгон;

- Абдрахманов Даниэл, Бириккен Араб Эмираттарынын Фужайрах шаарында бокс боюнча Азия чемпионатында 66 кг салмакта 3-орунга ээ болгон;

- Надирбек уулу Сыргак, Индиянын Дели шаарында самбо боюнча Азия чемпионатында 3-орунду жеңген;

- Молдодосов Эмил, Түндүк Корея мамлекетинин Пхенян шаарында өткөн Азия оюндарында эркин күрөш боюнча 55 кг салмакта 3-орунга ээ болгон;

- Асанов Эсен, Россия Федерациясынын Барнаул шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду жеңген;

- Турдубаев Элдар, Алма-Ата шаарында бокс түрү боюнча эл аралык мелдеште 60 кг салмакта 3-орунду ээлеген;

- Жаркулов Чолпонбай, Чолпон-Ата шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:384750?from=turmush&place=byregion
скачать dle 11.0фильмы бесплатно