Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:58
Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам
10:44
Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектөө каралып жатат
10:31
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат
10:09
Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
10:07
ЕАЭБ алкагында жеке жана юридикалык тараптарга бирдиктүү каттоо системасы киргизилет
16:48
Интернетте бала кулчулукка "сатылып" жатат. Бишкек милициясы иликтей баштады
16:46
Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
15:16
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
15:45
"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди
15:34
Матраимовдор ЖМКларга койгон доосун сотсуз чечүүгө ыктап жатат
15:29
Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
15:07
Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
14:56
Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү
14:25
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
14:23
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
11:40
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн.
12:57
Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты
12:53
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
12:49
Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
12:42
Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди.
10:10
Президент Жээнбековго бир жылда 15 миңден ашуун киши кайрылган
09:54
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду
09:29
Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди
09:22
Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги
09:11
Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
12:59
Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат
12:22
Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
11:03
Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен
10:47
Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти
16:57
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
14:59
УКМК: Солтон-Сарыдан алтын уурдаган канал аныкталып, шектүүлөр колго түштү
14:18
Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика
11:21
Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады
11:14
Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө.
11:06
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
10:49
Министрлик: жогорку окуу жайларга болгон талап катуулайт
10:46
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
10:43
"Ак-Жол" өткөрүү жайынын курулушу январдын аягында башталат
10:35
Абдыгулов Улуттук банк былтыр канча киреше тапканын айтты
15:14
Таластагы Үрмарал суусуна көпүрө курууга Япония 16,4 млн. доллар берет
15:08
Учагы кулаган Bek Air компаниясынын башчысы: пилотторго тийбей, мени камагыла!
12:42
Шавкат Мирзиёев абройлуу эл аралык сыйлыкка татыды
12:36
Эскертебиз! Австрияга виза Бишкектен да бериле баштады
11:51
Казакстанда машинага баллон байлап муз тепкен балдарды унаа тебелеп кетти
11:48
Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеев тергөө абагынан чыкты
Бардык кабарлар

«Студент кезимде жер төлөдө жашадым»: Өнөр баккан көзү азиз ырчынын баяны.

Жалал-Абад жаңылыктары
19
0
 Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Кичинекей кезинде ырчы болууну кыялданган Азиз кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына барган. Бирок ага көзү азиздигинен улам окуй албай турганын айтышкан.

«Ырга болгон кызыгуум 2-классымдан тарта жандана баштады, ал учурда мен Бишкектеги көзү азиздер мекеп-интернатында билим алчумун. Ата-энем соода-сатык менен алектенгендиктен каникул учурунда мага 30 сантиметрлик оюнчук алып беришкен эле. Ошол оюнчуктун таасири менен ырчылык өнөргө кызыгып калдым. 4-класс болгондо айылга каникулга келгенде Камиль Алижанов деген ырчы менин шыгымды байкап калып, өзү менен бирге тойлорго алып барып ырдатып жүрдү. Мага ямаха черткенди үйрөттү, башкача айтканда ырчылык өнөрдөгү алгачкы устатым болду. Анда көзүмдүн көрүү мүмкүнчүлүгү 0,5%ды түзчү. Өң-түстү, көлөмдү, күн-түндү ажырата билчүмүн, кийинчерээк такыр көрбөй калдым. Ошентип мектеп-интернаттан 9-классты бүтүп, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга баруу үчүн 1 жума үйдөн даярдандым. Сынактан жогорку упай менен өтүп кеттим, бирок мага көзүмдүн азиздигинен улам окуу жайдан окуй албашымды айтышты. Кийинчерээк Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык окуу жайына барып, ал жерде көп ийгиликтерди багындырып, жашоодон өз ордумду таба баштадым», - дейт Азиз.
 
Ал студент кезинде аны сүзүп кете жаздаган айдоочу ыңгайсыз абалда калганын эстеди.

«Музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө азиз болгонум үчүн бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдум. Ал учурда ижарага алган батирде жашагандыктан үйүм менен окуу жайдын аралыгы 32 чакырымды түзчү. Үйүм шаардын четинде болгондуктан эрте туруп, окууга камынып, жолдо унаалар аз болгон учурда таяк менен кетип калчумун. Бир күнү ноябрь айында адаттагыдай таңкы саат алтыда туруп, автобус менен окууга жөнөдүм. Дарегиме жеткенден кийин аялдамадан түшүп, жолдун аркы бетине жөө адамдар өтүүчү жол менен өтүп бара жаткам. Аңгыча сол жагымдан бир унаа катуу келип, мени коюп кете жаздады. Ошол учурда мен оң жакка кача калдым, бирок ошентсе да унаанын капотуна таягым тийип кетти. Мен жаракат алган жокмун, бирок айдоочу түшүп алып, «көзүңө карап баспайсыңбы, унаа келе жатканын көрүп жатпайсыңбы?» деп кыйкырды. Ал менин таягым бар экенин байкаган деле жок. Мен андан: «мүмкүн болсо, мени жолдун арткы бетине өткөрүп коё аласызбы?» деп суранганда гана көзүм көрбөгөнүн билип, ыйлап кечирим сураган эле», - дейт Азиз Айтбаев.

Ал студент кезинде кыйынчылыкка кабылып, жел төлөдө жашаган учур болгонун айтат.

«2-курста окуп жүргөндө акча жетпей, ижарада турган үйдөн чыгууга туура келди. Айлам кеткенде кийимдеримди, аккордеонумду алып, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө бир жума жашадым. Аккордеон менен ырдап, бир аз каражат таап, кардымды тойгозуп жүрдүм. Мындай кыйынчылыктарга карабай, 2015-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап алдым. Акырындык менен иштеп, өз ордумду таап келе жатам. Окууну аяктаган жылы үйлөндүм. Келинчегим Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Азыр 2 уулубуз бар», - дейт ал.

Азиз учурда тойлордо аккордеон, ямаха чертет жана алып баруучу болот.

«2019-жылдын 14-февралында Ала-Бука, Чаткал, Аксы райондорундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу улан-кыздардын катышуусунда концерт уюштуруп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн муктаж жана оорулуу адамдарга жумшадык. Ошол эле жылдын жай мезгилинде атайын топ менен үч районго концерт коюп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшадык. Жараткан мага көрүү мүмкүнчүлүгүн бербегени менен ырчылык өнөрдү берген экен, анын арты менен үй-бүлөмдү багып келе жатам», - деди ал.

Азиз Айтбаев 5 бир туугандын төртүнчүсү.
http://www.turmush.kg/news:385293
скачать dle 11.0фильмы бесплатно