
Коңшу өлкөдө жайылып жаткан коронавирус, кыш мезгилинде көп катталчу сасык тумоо тууралуу маалыматтар, алардын алдын алуу жолдору камтылган баракчалар айыл жерлерине дагы жеткирилди. Милиция кызматкерлери бул кагаздарды эл көп топтолгон жайларга, соода түйүндөрүнө, ашканаларга илишип, мектеп окуучуларына, мугалимдерге таратышып, ошону менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Ноокен РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте район аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар учурда дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан сактануу, алдын алуу багытында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары милиция тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташууларды болтурбоо максатындагы жумуштар алып барылып, ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги эскертилүүдө. Ал эми жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышып, жол эрежелерин сактоо боюнча атайын даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
http://www.turmush.kg/news:388571?from=turmush&place=byregion