Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:35
"Кыргызстан улуттук электр тармагына" жаңы директор дайындалды
21:08
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат
21:07
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы
21:05
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
17:44
Яндекс Go кызматы эми Жалал-Абадда иштей баштады
15:11
ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
15:10
Мекен чегин коргоо – ыйык милдет. Президент Кыргызстандын элине кайрылуу жасады
03:40
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:43
Тажикстандын агрессиясы. 15 жаштагы кыргызстандык набыт болду
20:42
Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
16:32
Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту
19:57
Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү
19:54
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Кыргызстандын эки жай тургуну жабыркады
19:53
Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды
15:00
Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат
14:59
Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды
14:58
Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты
14:54
Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат
00:17
Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды
22:47
Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт – 400 миң доллар салынды
22:43
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
22:42
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22:40
Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт
17:20
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат
00:59
Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту
00:55
Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды
15:25
Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын
15:22
Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
15:20
Кыргызстан жыл башынан тартып мамлекеттик карызды төлөөгө 20,5 млрд сом багыттады
15:18
Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды
19:46
Министрлик: Форма кийип келбеген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт
19:45
8 айда бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөр түштү
19:44
Бишкекте Улуттук гвардиянын алдындагы эстелик оңдоп-түзөөдөн өттү
19:44
Жеке ишкерлерден опузалап акча алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
23:55
Кыргызстанда биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин жетиштүү кору бар
23:55
Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтындын” төрагасы болуп дайындалды
23:47
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду
23:45
Министр: 5 жылга чейин мектеп, бакча көйгөйүн чечебиз деген план бар
16:19
«Камбар-Ата-1» сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек
16:18
Чек ара: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси көтөрүлдү
16:11
Жолуңар байсалдуу болсун! Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады
18:05
КРнын өнөр жайы алтын казып алуунун эсебинен 14.5%га өстү — ЕӨБ
18:03
Элчи Кушчубеков Венгрияда билим алып жаткан кыргыз жарандары менен жолукту
Бардык кабарлар

Эсин жоготкуча сабап, кайнак суу куюп жиберген: Бактыгүлдүн күйөөсү кандай жаза алды?

Жалал-Абад жаңылыктары
383
0
Өкүм Кара-Көл шаардык соту тарабынан чыгарылды.

М.С. Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Ээнбаштык), 351-беренесинин 1-бөлүмү (Айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу) жана Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен күнөөлүү деп табылды.

- Ага Жоруктар кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен 300 эсептик өлчөмдө (300 000 сом) айып салынды;

- Жазык кодексинин 351-беренесинин 1-бөлүмү (Айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу) менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылды;

- Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Ээнбаштык) менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды;

- Жазык кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пунктунун (Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде белгиленген жазалар бири-бирине жарым жартылай кошулуп, биротоло 6 жылга эркинен ажыратылды;

- Жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 7-мартынан тартып эсептелди;

- Жазык кодексинин 81-беренесинин 5-бөлүмүнө (Камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери) ылайык, М.С. камактагы мөөнөтүнүн бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар болуп эсептелди;

- М.С.га карата тандалган камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тараптар 30 сутканын ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылууга укуктуу.

===========================================

Turmush басылмасына Кара-Көл шаарынын тургуну ажырашкан аялын эс-учун жоготкуча сабап, үстүнө кайнак суу чачып жибергенин жабырлануучу Бактыгүлдүн апасы билдирген.

Анын айтымында, кызы менен күйөө баласынын ажырашканына 6 ай болду.

«1996-жылы ал (күйөө баласы) кызымды зордуктап, анан ата-энеси "балама кызыңарды алып беребиз" деп алдыма түшүп келишкенде макул болгом. Ошондон бери кызым кордук көрүп келген экен. Баш мээси чайкалып, майып болуп калды. Алты ай мурун сот аркылуу расмий ажырашты. Ошондо кызым "ушул убакытка чейин айткан жокмун. Бул мени ушул абалга жеткирди" деп айтты. Анткени 2016-жылы кызымдын талма оорусу кармап, күйүп калган эле. Ошондо элден жардам сурап, күйгөн денесине операция жасатканбыз. Ошондо талма оорусу кармабай эле жолдошу эсин жоготкуча уруп, кайнак сууну чачып, сыртка чыгып кеткен экен. Муну кызым сотто айтып жатат. "Эмне үчүн ушул убакка чейин айткан жоксуң?" десем, кызым: "Балдарым бар. Күйөөм оңолот, жашап кетебиз деп үмүт кылгам" деди. Муну уккан сот экөөнү ажыраштыруу боюнча чечим чыгарды», - деди ал.

Анын айтымында, ушул жылдын 7-январында кызы кайрадан катуу сабалган.

«Кызымды катуу сабагандыктан башы көк ала болуп калыптыр. Бир туугандары барып, милиция кызматкерлерин чакырышты. Апасына болушкан 17 жаштагы неберемди дагы жаакка чаап, урган экен. Анын буттары дагы көк ала болуп калыптыр. Күйөө балам үй талашып, ушундай жолго барыптыр. Үйдү ал Ооган согушуна катышкан адамдан сатып алган экен. Ошентип милицияга, шаардык аксакалдар сотуна кайрылдык», - деди Бактыгүлдүн апасы.

Ажырашкан жубайлардын 5 баласы бар.

Буга чейин Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы каралганы маалымдалган.

Аксакалдар сотунун төрагасы Адыл Дарбишевдин айтымында, иш-чарага жабыр тарткан Б.А. аттуу айым, анын апасы З.А., бир тууганы, ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр катышты. Б.А. мурдагы жолдошу тарабынан сабалган.

«Бизге Б.А. өзү кайрылып, жолдошу күн көргөзбөй жатканын айтты. Ал ажырашкандан кийин келип, аялын эстен танганча уруп, апасына болушкан 17 жаштагы кызын да катуу сабаган. Колу менен уруп, буту менен да тебет экен», - деди аксакал.

Милиция бул факт катталганын тастыктаган. Жабырлануучу Б.А. 7-январь күнү жолдошу сабаганын айтып, арыз менен кайрылган. Жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Арыздын негизинде КРнын Жоруктар кодексинин 75-беренеси боюнча (үй-бүлөдөгү зомбулук) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматына караганда, 7-январда саат 20:05 чамасында Б.А. жолдошу сабаганын айтып кайрылган. Дарыгерлер ага башынан жаракат алган, денесинде көк ала тактар бар деген диагноз коюшкан.
http://www.turmush.kg/news:400434?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно