Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:24
Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады
10:16
Кыргызстан БУУга мүчөлүк акысын убагында төлөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди
16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда бир тургунду ичке атып, дагы бир үй-бүлөгө кол салган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад жаңылыктары
13
0

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 2020-жылдын 27-июлуна караган түнү саат 04:35 чамасында Сузак РИИБдин 102 телефонуна Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан чалышып, Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы тургуну Б.Т. белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаракат алганы тууралуу кабар берилген. Ошол замат Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Анда төмөнкүлөр аныкталган:

Окуя 2020-жылдын 27-июлуна караган түнү болжол менен саат 02:45 чамасында Бишкек—Ош жолунун Сузак районундагы тилкесинде жайгашкан күйүүчү май куюучу жайлардын биринде болгон. Жалал-Абад шаарынын 1961-жылы туулган тургуну Б.Т. жумуш ордунда, тактап айтканда ошол жерде орнотулган вагондун ичинде уктап жаткан кезде өзүнө бейтааныш болгон эки адам кара түстөгү бет кап менен кирип келип, белгисиз болгон тапанча менен ичине бир жолу атып, денесине жаракат келтиришкен. Андан соң акча талап кылып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Аталган факт боюнча материал Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.


Бул кылмыштын бетин тез арада ачып, шектүүлөрдү колго түшүрүү максатында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары көзөмөлгө алынган. Натыйжада Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну, ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган К.Ж. кармалган. Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (эски ред. - экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө окуя күнү шериги Фарух менен жогорудагы кылмышты жасаганын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө Базар-Коргон райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынып, Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып, тергөө тапшырмасынын негизинде Фарухтун өздүгү жана жашаган дареги аныкталган. Тактап айтканда, ал Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну А.Ф. экендиги жана мурда оор берене менен соттолгондугу такталган. Учурда издөө иштери улантылууда.


2020-жылдын 7-август күнү Базар-Коргон районунун 1957-жылы туулган тургуну Х.Ж. милицияга арыз жазган. Ал 6-августтан 7-августка караган түнү саат 03:00 чамасында анын үйүнө жашы 25-30 чамасындагы бет капчан 3 адам кирип, үй ээсин, аялын жана баласын байлап, андан кийин ур-токмокко алып, акча талап кылып, аларга караштуу дүкөндүн кассасынан 2000 сомго жакын акчаны алып кетишкен айткан. Кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.


Аталган арыз Базар-Коргон РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодесинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде өндүрүш иши башталган.

Анын алкагында Ош облусунун 1998-жылы туулган тургуну, мурда соттолгон К.Ж. кармалган. Тергөөдө шектүү К.Ж. кылмыш жасоодо колдонгон куралдарды базар-коргондук Сирожидин аттуу киши алып келип, окуядан кийин кайра алып кеткени тууралуу көрсөтмө берген.

Кылмыштуу топту курал менен камсыздаган негизги уюштуруучунун бирин аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары андан ары улантылып, Жалал-Абад ОИИБдин Криминиалдык милиция кызматынын уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмчөсү, ИИМдин Криминиалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын, Сузак РИИБ жана Базар-Коргон РИИБдин Криминиалдык милиция кызматынын кызматкерлери, «Шумкар» АБПнын атайын тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери тарабынан шектүү катарында Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну, мурда соттолгон, ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ж.С. кармалган. Анын жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү бир топ ок-дарылар жана 1 даана кара түстөгү кастет алынган.

Шектүү Ж.С. Базар-Коргон райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айга камакка алынып, Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, жогорудагы топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно