Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында ушул жылы бир топ өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн шарттар түзүлгөн. Мындай маалыматты аталган клиниканын жетекчиси Жаныбек Карабаев билдирди.
Айтымында, клиникалык ооруканада 1996-жылдан бери оңдоп-түзөөсүз иштеп келе жаткан облустук төрөт үйүн эки кабаты өткөн жылдын эсебинен толугу менен оңдолгон.
“Негизинен өткөн жылга белгилеген көптөгөн иш-чараларыбыз толугу менен аткарылды десем жаңылышпайм. Ооруканабызга керектелүүчү жабдыктар оңдолуп, толук шарттар түзүлүүдө. Баарысы өз каражатыбыздын эсебинен болуп жатат”,- деди Карабаев.
Ооруканадагы шарттар жакшырганы менен айрым дарыгерлердин оорулууларга болгон орой мамилеси өзгөрбөй жаткандыгы тангыс чындык. Кээ бир учурларда дартына шыпаа издеген жарандар дарыгердин орой мамилесинен улам ооруканага баруудан баш тарткан фактылар да кездешет. Мындай абал жөнүндө оорукананын жетекчиси төмөндөгүдөй билдирүү узатты.
-Чынын айтуу керек орой мамиле жасаган дарыгерлер да бар. Аларды дайыма оорулууларга сылык мамиледе болууга үндөп келебиз. Дарылануучулар тарабынан кайсыдыр бир дарыгердин үстүнөн арыз түшкөн болсо аны сөзсүз мыйзам чегинде карап, дарыгерге карата чара колдонобуз.
Клиникалык оорукананын жетекчисинин жогорудагы жоопторунан улам ага бир нече суроо менен кайрылууну эп көрдүк.
-Жаныбек Калматович, кээде дары-дармек алууда оорулууларга дарыгерлер жолдомо берген учурлар кездешет. Бул деген дарыгер кызматына караганда жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ойлогону эмеспи?
-Туура айтасыз. Ошондой учурлар буга чейин болгон. Бирок азыркы кезде бар деп айтуудан алысмын. Эгерде жарандар ушундай учурга кептепе турчу болсо бизге кабарлап коюшса дарыгерге тийиштүү чаралар колдонулат. Эч кайсы дарыгер дары алууга жолдомо көрсөтүүгө укуктуу эмес.
-Акыркы кезде облустук төрөт үйүндөгү кызматкерлердин үстүнөн даттангандар көп болууда. Ал жерде өзү кандай кызматкерлер эмгектенет?
-Төрөт үйүнө шарттар эми түзүлө баштады. Көп нерсенин жетишпестигинен улам да дарыгерлердин үстүнөн арыздангандар болушу ыктымал. Андан калса ал жердеги дарыгерлердин потенциалын көтөрүп, билим деңгээлин жогорулатуу зарыл.
-Демек, ал жерде билими жетишсиз кызматкерлер эмгектенет экен да?
-Жок. Андай дегенден алысмын. Бирок, кызматкерлер тажрыйбасын жогорулатып, дагы да билим алуулары керек.
-Айтсаңыз, ушул тапта жарандардын басымдуу бөлүгү кайсы оорунун айынан көп кайрылышууда?
-Акыркы кездерде коомчулукта жүрөк-кан тамыр оорулары күч алып, элдин көпчүлүгү инсульт, кан басымынын жогорулашы менен кайрылышууда. Бул нерсе бир эле биздин облуста эмес, бүтүндөй өлкөдө ал тургай дүйнө жүзүндө күч алууда.
-Бул оорулардын көбөйүшүнө эмне себеп болууда?
-Ар кандай себептерден улам жарандар мындай оору дуушар болушат. Бирок, көбүнчөсү тамак-аштан жана психологиялык факторлордон улам болууда.
-Кечиресиз, кепти ооруканадагы жакшы жылыштарга бурсак. Эмне жетишкендиктериңиздер бар?
-Ооба. Ооруканада кемчиликтер эле эмес жетишкендиктер деле арбын. Алардын эң башкысын мактаныч иретинде да айтып өтсөм болот. Буйруса, март айынан тартып биздин ооруканада тез жардам берүүчү хирургия бөлүмүнүн курулуш иштери башталат. Анын курулушун 2018-жылы аяктоо планы бар. Бул биздин облуста эле эмес өлкөбүздө биринчи жолу курулат.
-Жоопторуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Ишиңизде ийгиликтер жарала берсин!
Маектешкен:
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,
“Взгляд”