Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
Бардык кабарлар

Чаткалдагы кендин саркындыларынын дарыяга кошулуп кетиши: Суу текшерилип, алгачкы жыйынтыгы чыкты

Жалал-Абад жаңылыктары / Коопсуздук / Демилге
99
0

Маалым болгондой, саркындылардын сууга кошулуусу ошол эле күнү токтогон. Ошол күндөн бери сайдан суу ичкен эл акысыз таратылган суудан алышса, айрымдар айылдагы булактын суусун колдонууда. Мал-жандыктары ошол эле сайдагы сууну ичип жатат.


Терек-Сайдагы «Эти Бакыр Терек-Сай» фирмасынын фабрикада флотацияга колдонуучу суу топтолгон жайы жырылып, сууга кошулуп кеткен окуя 3 күндөн бери коомчулуктун кызуу талкуусуна алынууда. Суу акканда мурда төгүлгөн көмүрдүн калдыктары кошулуп, суу булганган бойдон чоң сууга кошулган. Ошол эле күнү 1 саатка жетпей дарыяга кошулуусуна бөгөт коюлган.


Андагы жай бир топ бийикте жайгашканын, суу тоңгонун, айланасы бекемделгенин көрүүгө болот. Жергиликтүүлөргө күнүнө 6 «Портер» менен суу ташылып жатат. Бул окуядан кийин кооптонгон эл сайдан эмес, булактын суусун колдонууда. Терек-Сай айылында 2 булак бар. Жакын жайгашкандар ошол булактын суусун ичип жатышат. Булактын алыс жайгашкандар унаа менен ташылып жаткан сууну колдонууда. Жашоочулар өздөрү да сууга болгон муктаждык жаралбаганын белгилешти.


«Чынын айтуу керек, сууну эшигибиздин алдына чейин алып келип берип жатышат. Өзүбүздө жер алдынан чыккан таза суу бар. Мал-жандыктар баары бир үйрөнүп калган чоң суудан ичип жатышат. Кудайга шүгүр, жандыктарга зыяны тийген жок. Суунун анализдери чыгарылса, ойлонбой калат элек», - деди жергиликтүүлөр.

Байтемир Жолбаев 2 күндөн бери Ак-Терек айыл элине суу ташып жатат. Күнүнө 2-3 жолудан айыл аралып жатканын айтты.


«Терек-Сай айылынын борборунда турабыз. Бул жерге тээ союз мезгилинде эле скважина менен суу келген. Ушул жерден 1 тонналык челекке суу толтуруп, элге таратып жатам. Бул өкмөттүн тапшырмасы болду», - деди ал.

Чаткал райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери элге суу боюнча алынган корутундунун жыйынтыгы чыкмайынча суу ичпей турууну эскертишип, түшүндүрүү ишин жүрзүп жатышат.


Кечээ жеринде өкмөт алдында түзүлгөн мамлекеттик тармак аралык комиссия өкүлдөрү да иш жүргүздү. Жумушчу топту КР өкмөтүнө караштуу отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басары Мырза Жаманбаев жетектеп келген. Комиссиянын курамында 13 мүчө бар.


«Окуя болгон жерди көрүп чыктык. Биздин 2 жумалык мөөнөтүбүз бар. Ушул аралыкта болгон күч-аракет жумшалат. Бул жердеги суу бир эле лаборатория менен чектелбей 3 лабораторияга жиберилди, корутундусун күтүп жатабыз. Компаниянын ишмердүүлүгү боюнча да иш жүрөт. Элге да түшүндүрүү ишин жүргүзүүдөбүз. Кооптонуунун кереги жок. Жолугушууда элден өздөрү ишенген жарандарды да биздин курамга кошууну сунуштадык. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары да болот. Ачык-айкындуулук болсун, элге да жетсин деп жатабыз. Мен ошол эле күнү «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКнын жетекчиси менен сүйлөшүп жаттым. Ал түшкөн суу кооптуулугу жок экенин айтып, өзү атайын ошол жердеги суудан бир стакан ичип, WhatsApp менен жөнөттү. Баарыбыз корутундуну күтүп жатабыз. Компаниянын шалаакылыгы бар-жогу ишти жыйынтыктаганда белгилүү болот», - деди Жаманбаев.


Жумушчу топт элге цианид жок экенин белгилешип, калкты кооптонбой турууга чакырып жатышат. Алар элдин бир катар суроолоруна жооп беришти. Топ-топ болуп жыйналган жашоочулар негизинен экологиялык эрежелерди компания өкүлдөрү сактабай жатканын айтып нааразы болушту.


«Элге дагы белгилеп кетебиз, цианид жок. Окуя болгон учурдан баштап маселени жойгонго бардык күч-аракеттерди жумшадык. Тиешелүү тараптар текшерүү, териштирүү ишин жүргүзүп жатат, азыр биз да бир нерсе айта албайбыз. Жыйынтыгын күтөбүз. Ыңгайсыздык жараткан үчүн элден кечирим сурайбыз. Насос отказ берип, топтолгон суу ашып кетип, чоң маселеге айланып кетти», - деди компаниянын өкүлдөрү.


Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин өкүлү Элдияр Шерипов суу таза чыкканын айтты.


«Биздин кызматкерлер 23-январь күнү эле суунун, топурактын үлгүлөрүн алып, борборго салышкан. Бизде лаборатория бар, химиялык элементтер боюнча чыгарып берет. Анализдин жыйынтыгы чыкканы боюнча кабар келди. Кудайга шүгүр, суу таза чыгыптыр. Топурактын анализи чыга элек. Негизи буга бир аз убакыт талап кылынат. Сайдагы сууну калк ичсе болобу-болбойбу муну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору чыгарып берет. Биз бир тараптуу болбосун деп Кадамжайда жеке менчик лаборатория бар, ошого да жөнөттүк», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, бул окуя Чаткал РИИБде Жазык кодексинин 258-беренеси (тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Окуя тууралуу:

23-январда саат 15:30 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай аймагында алтын ылгоочу фабрика иштеткен жай ачылып, фабрикадан иштетилип чыккан калдыктар дарыянын суусуна кошулуп кеткени кабарланган.


Жергиликтүүлөр арасында «Дарыядагы сууну ичпей тургула, дамба жарылып кетти. Сууга цианид кошулуп кетти, химикат кошулду» деген тасмалар да тараган.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Ашырбаев сууга цианид кошулбаганын, атайын курулган жай ачылып кетип, дарыяга кошулуп кеткенин билдирген.

«Кен казган «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасы иштеткен эски фабрикада «остойник» бар эле, ошол ачылып кетиптир. Эски көмүр калдыктар бар эле, ошол, кум кошулган. Кандайдыр бир химикаттар болушу мүмкүн дегендер да бар. Биз калдык түшкөн жерден төмөнкү жагындагы айылдын элине дарыянын суусун ичпей турууну эскерттик. Өзгөчө Терек-Сай, Ынтымак айылдарынын элине. Бул айылдагыларга компания өзү да таза суу таратып жатат», - деген ал.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Исаев да «отстойниктин» суу фабрикадан чыккан суусу ашып кеткенин, кайра токтогонун айткан.

«Эл айткандай ал цианид эмес экен. «Отстойниктеги» «шлак» ашып кеткен экен, кайра токтотулуптур. Башта сууга аралашкан экен. Азыр сууга аралашкан жок. Эртең Чаткал райондук жарандык коргонуу кызматы барат. Эртең бул окуя боюнча толук маалымат берилет», - деген ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов лабораториялык текшерүү болорун билдирген.


«Эски фабрикадан иштетилип чыккан суунун «отстойниги» жарылган жеринен дарыяга кошулган. Лабораториялык текшерүүгө берилди. Алдын ала маалыматка караганда, эч кандай зыяны жоктугу айтылып жатат. Бул боюнча иш жүрүп жатат. Калк кооптонууга негиз жок», - деген ал.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно