Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

Кара-Көлдө короздор урушту.

Жалал-Абад жаңылыктары / Видео / Интересное
147
0

 Бул тууралуу турнирдин уюштуруучусу Урматбек Итибаев билдирди.

Анын айтымында, короз уруштуруу турнири 24-январда өткөрүлгөн.

«Шаардын Бекташ көчөсүндө өткөрүлдү. 1-орунга кой, 2-орунга эчки, 3-орунга акчалай сыйлык коюлду. Мелдешке жалпы 50дөй короз катышып, 150дөй көрүүчү болду. Турнирге кирүү акысы 200 сом болду. Короздордун баары дакан породасындагы урушчаак короздор.

Биринчи орунду Ала-Букадан келген короз алды. Экинчини Шамалды-Сай, үчүнчүнү Токтогулдан келген короз алды. Турнир бир эле күн өтүп, түнкү саат 02:00дө аяктады. Короз уруштурууга кызыккан күйөрмандар да көп экен.

Бул турнирге Токтогул, Шамалды-Сай, Талас, Ала-Бука, Таш-Көмүр, Ноокен, Ак-Бата, Жалал-Абал өңдүү көп жерлерден келишти. Турнирдин чыгымдарын өзүм эле каржыладым. Мындай турнир өтөт деп эч ким күткөн эмес экен. Биринчи өткөргөндө да көрармандар көп болуп, батпай жатты», - деди ал.

Анын айтымында, экинчи турнир март айында болот.

«Негизи мындай иш-чара өткөрүүгө чоң имарат керек экен. Азырынча андай жер жок болууда», - деди ал.

Урматбек мырза короз уруштурууга кызыгат. Учурда эки корозу бар.

«Ушул турнирге эки корозумду катыштырып, бирөөсү утту. Аз эле суммага урушту. Экинчиси жеңилип калды», - деди ал.

Анын айтымында, турнирге 40 миң сом чыгым жумшалган.

«Бирок бул чыгымды актай албайсың. Болгону өзүм кызыккандыктан чыгымына карабай өткөрүүгө туура келди. Үч союш алгам. Бирөөсүн союп, алыстан келген конокторду түштөнүүгө чакырдым. Кечки тамагын өздөрү сатып жешти», - деди ал.

Урматбек Итибаев Дене тарбия институтун бүтүргөн.

«Эркин күрөш боюнча балдарды машыктырышым керек эле. Бирок Бишкекке жүргүнчү ташып, такси кызматында иштеп жүрдүм. Учурда короз менен алектенип жатам», - деди ал.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно