Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
Бардык кабарлар

Аксыда 20 жаштагы сүрөтчү кыз кооздогон тосмо элеттиктерди аң-таң кылууда. Видео

Жалал-Абад жаңылыктары / Интересное
121
0

Аны менен аймактык кабарчы маектешип, жаш сүрөтчүнүн өнөрү менен таанышты.

20 жаштагы Бегимгүл бул өнөрүн тубаса талант экенин айтып, сүрөтчүлүгүн баяндап берди.

«Мен Аксы районунун Кум айылында төрөлүп-өскөм. Менин сүрөтчүлүк өнөрүм кичинекей кезимден эле бар болчу. Тубаса талант же ата-бабалардан келе жаткан өнөр десем болот. Атамдын айтымында, сүрөтчүлүк каныбызда бар экен. Чоң атам архитектор, чоң энем уз-чебер болгон экен. Менин сүрөтчүлүгүм ушул адамдардан өткөн талант болсо керек. Бир туугандарым дагы сүрөттү мыкты тартышат», - дейт сүрөтчү.

Каарманыбыз окуучу кезинде мектепте сүрөт тартуу анын эң негизги милдеттеринин бири болгонун эскерди.

«Мен сүрөт тартуу боюнча сынактарга катышкан эмесмин. Бирок кичине кезимден эле сүрөт тартуу менен алектенчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө мектептин дубал-гезиттерине сүрөт тартуу менин ишим болчу. Ал мага милдет катары жүктөлчү. Ошентип отуруп сүрөт тартуу менин хоббим катары калыптанды. Кийин кесибим болуп калды десем болот», - деди ал.

Б.Жолдошбекова Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясында сүрөтчүлүк боюнча билим алып жатат. Ал бул кесипти тандаганда жакындары таң калып, айрым мугалимдери таарынган.

«Мен ЖРТда 194 упай алгам. Жалпы упайым 390дон ашкан. Менин упайым райондо эң жогорку упай болгон. Жакындарым, эжей-агайларым мени дарыгер же мугалим болот деп ойлошкон. Мен сүрөтчүлүктү тандап кеткенде таң калышты. Айрым мугалимдер нааразы болуп, капа болушту. «Ушунча жакшы окуп, ушундай кесипти тандап алдыңбы?» деп айтышты. Мен адам өзү каалаган, кызыккан тармагына кетиши керек деп ойлойм. Ата-энемди көндүрүп, ушул жакта окуйм деп келдим. Ушул кесипти аркалап, азыр жакшы ийгиликтерге жетип отурам», - деди каарманыбыз.

Сүрөтчү кыз өткөн жылы карантин учурунда айылдагы үйүнүн сырткы тосмосун мозаика менен кооздоп, элди таң калтырган. Ал бул кооз тосмону жасап чыгууга 4 ай убакыт коротту.

«Корообуздун тосмолорундагы сүрөттөр мозаика деп аталат. Мозаика мурунку кылымдарда эле пайда болгон. Европада керамика таштардан мозаикаларды тизип, үйлөрдү кооздоп келишет экен. Короонун сыртын сүрөт менен кооздоо идеясын атам айтты. Ата-энем искусствого жакын адамдар. Өзгөчө буюмдарды жакшы көрөт. Карантин учурунда «кызым, короонун тосмосун өзгөчө, элде жок кылалы» деп айтышты. Ошондон улам ушундай тосмолор жасалып калды. Биринчи ишим 1 айга созулду. Бул тосмонун аянты 50 чарчы метр. Жасап чыгууга 4 айдай убакыт кетти. Алгач жасап жатканда «эмне кылып жатасың?» деп айылдаштар таңыркашты. Кийин иш бүткөндө көп адамдар суктанышты», - деди ал.

Сүрөтчүнүн айылдагы эмгегинен кийин буйрутмалар көбөйгөн. Бирок ал окуусунан улам элдин буйрутмаларын кабыл алган эмес.

«Корообуздун тосмолорун жасап чыккандан кийин көп адамдар менин үйүмдү кооздоп, дубалга сүрөт тартып бер деп келишти. Менде бирок буйрутмаларды алууга убакыт болгон жок. Окуум болгондуктан буйрутмаларды кабыл алган жокмун. Кардарлар азыр дагы көп. Мага жакында Бишкек шаарындагы бир китепкананын сыртын мозаика менен кооздоп бер деген буйрутма келди. Май айынан баштап ишти баштайм. Убактым болсо, башка буйрутмаларды дагы жасап берсемби деп турам», - деген оюн айтты Б.Жолдошбекова.

Ал азыркы учурда кеңири жайылып жаткан жип менен дагы сүрөттөрдү тартат.

«Мен мозаикадан сырткары «Стрит-арт» деп аталган жип жана мыктын жардамы менен сүрөттөрдү дагы тартам. Өткөн жылы интернеттен карап, сүрөттөрдү тарткам. Анда Ч.Айтматов, Т.Турсунбаева, И. Раззаковдун сүрөтүн тарттым. Ушул сүрөттөрдү көргөндөн кийин дагы буйрутмалар көп түшүп жатат. Аз-аздан буйрутма менен тартып жатам. Бул сүрөттүн жөнөкөй сүрөттөргө караганда баасы кымбат болот. Көбүрөөк эмгек, көбүрөөк убакытты талап кылат. Мисалы, Ч.Айтматовдун сүрөтүн тартып чыгууга 10 күндө ашык убакыт кетти. Көлөмүнө жараша бааланат», - дейт ал.

Бегимгүл Жолдошбекова 20 жашта.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно