Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

Тогуз-Торонун тургундары баткендиктерге 1 млн сомдон ашуун акча чогултуп беришти

Жалал-Абад жаңылыктары
72
0

Тогуз-Торо районунун тургундары Баткендеги чек ара чырында үйү өрттөнгөндөр үчүн 1 млн сомдон ашуун каражат чогултуп беришти. Бул тууралуу демилгенин уюштуруучусу Тынчтык Таалайбеков билдирди.

«1-майдан тарта Тогуз-Тородо ыктыярчылар эл көп чогулган жайларда «Баткенге жардам» аталышында марафон уюштурганбыз. Биз жасап жаткан жумуштарды район тургундары колдоп, колунан келишинче акчалай жардам берди. Ишкерлер да четте карап турбай, колдоо көрсөтүп жатышты. Жалпысынан 1 млн 250 миң сом каражат чогулган болчу. Бирок биз социалдык тармактардан Баткенде гуманитардык жардам жетиштүү болгонун угуп, 250 миң сомдук кийимдерди сатып алганбыз. Мында аялдардын, эркектердин жана жаш балдардын кийимдери бар. Ушул тапта Баткендин Ак-Сай деген айылына келип, үйү өрттөнгөн 22 үй-бүлөгө өзүбүз алып келген 1 млн сомду 45 миң 450 сомдон бөлүп берүүдөбүз», - деди ал.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасында кыргыз тараптан көз жумгандардын саны 36 адамга жеткенин билдирди. Аты-жөнү такталгандардын тизмеси да жарыяланды. Көз жумгандардын ичинен 33 адам жергиликтүү жашоочу болсо, үчөө аскер кызматкери. Арасында жаш балдар да бар.

Каза болгондордун көпчүлүгү — 25 адам (так саны такталууда) Ак-Сай айыл аймагындагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайында каза болгон. Тажик тарап 29-апрелде миномет менен адамдарды аткылаган. Массалык түрдө адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголду.

29-апрелде Ак-Сай айыл аймагындагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайында башталган куралдуу кагылыш Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен Баткен районунун Көк-Таш айылына өткөн. 30-апрелге караган түнү кагылышуулар Лейлек районунун Борбордук, Максат, Кулунду, Арка-1 и Арка-2 айылдарында башталган.

Тажикстандын аскерлери менен жөнөкөй жарандары 30-апрелде эртең менентен тарта кыргызстандыктардын үйлөрүн ээлеп, аскердик техникалар тартылган. Баткендиктер эвакуацияланып, айрымдары өз унаалары менен качышкан. 30-апрель күнү толугу менен кыргыз айылдарында тажик аскерлер болушкан. Айылдардагы үйлөр талкаланып, өрттөлүп, үй тиричилик буюмдары, акчалар, алтын зергер буюмдар тонолгон.

Баткендиктер өз үйлөрүнө кыргыз-тажик тараптардын ок атышууларды токтотуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсүнөн кийин гана 2-майда кайтып келе башташкан.


 
https://jalal-abad.turmush.kg/news:433853скачать dle 11.0фильмы бесплатно