Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:25
Жапаров: Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуттук, тарыхый каада-салттарды сактоо — негизги милдет
23:22
ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты
23:20
Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү
23:19
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
23:18
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
22:54
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
17:52
ЖККУ саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
17:49
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
17:45
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды
17:40
Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты
17:39
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
17:38
Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды
18:37
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
18:35
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
18:29
Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти
21:21
Парламенттик шайлоодо дээрлик 3,7 млн адам добушун бере алат
21:21
Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
21:15
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
21:14
Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди
21:13
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда
17:50
Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты
17:49
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
17:46
Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
17:45
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
23:00
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү
22:57
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
22:55
БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады
16:16
КР ТИМ башчысы Сибирь жана Уралдагы мекендештер менен онлайн жолугушуу өткөрдү
16:15
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
16:04
Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды
16:03
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
16:02
Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады
03:29
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
03:24
Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?
18:04
Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн
17:58
Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
17:57
Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту
17:51
Жаңы мектеп ачылары күтүлүүдө. Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
17:51
Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
17:48
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
17:47
Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды
18:29
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо. Элчи Жунусов Андижан, Фергана, Наманган облустарында болду
18:29
Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери салыктарды 4,7%га ашык жыйнаган
18:25
ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү
18:23
Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты
Бардык кабарлар

Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы «кооптуу көлөмгө» жакындоодо. Кайрадан энергетикалык кризис күтүлүшү мүмкүнбү?

Жалал-Абад жаңылыктары / Аналитика
43
0

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир жылдын ичинде 8-апрелдеги абалга карата 26% га, дээрлик 8.6 млрд кубометрге чейин азайды. Бул көрсөткүч ГЭСтин токтоп калуусуна алып келе турган 5.5 млрд болгон «кооптуу көлөмгө» жакын экендигин билдирет. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКнун сайтында көрсөтүлгөн.

Эксперттердин пикиринде, суунун запасынын азаюусунун түрдүү себептеринин бири болуп – суу жетишсиз болгон мезгилдер эсептелет. Кыргызстан деле бүт дүйнөдө болуп жаткан глобалдык жылуулук жана мөңгүлөрдүн ээрүүсү сыяктуу кесепеттерди башынан өткөрүүдө. Бул ГЭСтин жумушуна да таасирин тийгизбей койбойт. Кыргызстандагы энергетика маселеси улуттук коопсуздук менен тыгыз байланышта болгондуктан, бул өз кезегинде кандайдыр бир кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли –  19,5 млрд кубометр, нормалдуу көлөмү – 17,3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 миллиардды түзүшү керек.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

(млрд кубометр)

1.«Кооптуу көлөм» (ГЭСтин токтоп калуусу)

Маалыматтар 2020-жылдын 8-апрелинен 2021-жылдын 8-апрель аралыгындагы көрсөткүчтөрдөн алынды.

Диаграмма: Еconomist.kg

Маалымат булагы: «Электр станциялары» ААК

Графикте көрсөтүлгөндөй, суунун көлөмү октябрь айынан тартып азайып, андан бери тенденция түшүп баратканын байкоого болот. Өткөн жылдын апрель айынын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд кубометрди түзгөн.

Суунун жетишсиздигин кантип толуктаса болот?

Март айынын аягында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев отун-энергетикалык жана жер казынасын пайдалануу боюнча парламенттик комитетинин отурумунда Кыргызстан коңшу өлкөлөр  – Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын карызга алууга муктаж болгонун айтты. Анын негизинде март айынан тартып электр энергиясын импорттоо башталган.

Жыйынтыгында, Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигин ушундай жол менен чечүүгө аракет жасоодо. Министр белгилеп кеткендей, болбосо, электр энергияны генерациялоону саатына 2,5 млрд киловаттка чейин көтөрүүгө же ички керектөөнү чектөөгө туура келет.

Келекчектеги абал кандай болот?

Жашыл экономика тармагындагы эксперт Азамат Темиркуловдун пикиринде Кыргызстандын улуттук коопсуздук маселеси экология жана жашыл экономикадагы абал менен тыгыз байланышта.

«Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарынын жарымы Кыргызстандагы мөңгүлөргө тиешелүү. Бирок алар да акыркы 50 жылда 20% га ээрип кетти. Биздин окумуштуулардын маалыматтарына таянсак, азыркы жүз жылдын аягына чейин мөңгүлөрдүн 80%ын жоготушубуз мүмкүн», – дейт эксперт.

Азыркы Токтогул ГЭСнин резервуарындагы абал – мөңгүлөрдүн ээрүүсүнүн жана суу жетишсиз болгон мезгилдердин кесепети.

«Эгерде энергетикада маселе жаралса, ал экономикага, социалдык тармакка, ал эле эмес, улуттук коопсуздукка да таасирин тийгизет. Анткени суу – жашоону камсыз кылган негизги ресурс. Чек арадагы жашоочулардын арасында суу талаш маселеси жаралса – бул өз учурунда чоң конфликтке алып келет. Биздин өкмөт бул жагдай адамдардын жашоосунун көп тармагына залакасын тийгизерин ойлонушу керек» – дейт ал.

Эксперт учурда келээрки жылдагы электр энергиядагы проблеманы чечүүгө аракет кылып жаткан өкмөткө узак мөөнөттөгү чечимдерди ойлонууну сунуштайт.

«Тоолордогу токой плантациялардын аянтын көбөйтүш керек. Бул мөңгүлөрдү сактап калуунун бирден бир фактору болуп эсептелет. Анткени токой атмосферадагы нымдуулукту жогорулатып, абанын температурасын түшүрөт. Дарактар тамыры менен жердин астындагы   нымдуулукту соруп алып, аны кайра таажысы аркылуу атмосферага кое берет. Бул нымдуулук жаанга айланып мөңгүлөргө түшөт да, жыйынтыгында, алардын ээрип кетүүсү жайлайт»,– дейт Азамат Темиркулов.

Андан сырткары, эксперттин айтымында мөңгүлөрдүн ээришине өбөлгө түзгөн дагы бир маселе болуп мал-чарбачылык эсептелет.

«Бизде бодо мал баш аламан жайылат. Жайыттардын 70%ы деградация болгондуктан, малдар оттоп бийик тоолорго чейин кетип калып жатат. Алар экосистемага кирип, чөптөр менен кошо жаш өсүп келе жаткан дарактарды да жеп коюп жатышат. Натыйжада, мал-чарбачылык да токойлордун бузулушуна алып келүүдө. Бул жогоруда белгилегендей мөңгүлөрдүн ээришине да себеп болууда. Өкмөт бул маселелерге чукул чара көрүш керек», – дейт ал.

Эске салсак, 2008-2009-ж.ж. Кыргызстан энергетикалык кризисти баштан өткөргөн. ЖМКдагы архивдик булактарга таянсак, андагы мамлекет кызматкерлер берген маалыматтарга ылайык, суунун көлөмү 2008-жылы – 8,8 млрд болсо, бул көрсөткүч 2009-жылы –  9,4 млрд кубометрди түзгөн.

 

https://economist.kg/2021/05/19/toktogul-gesindegi-suunun-zapasy-kooptuu-k-l-mg-zhakyndoodo-kajradan-energetikalyk-krizis-k-t-l-sh-m-mk-nb/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно