Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
23:16
Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
23:07
РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт
23:07
Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат
23:06
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт
Бардык кабарлар

«Сел келе жатат»: Сузактагы А.Масыркулов «дөө» болуп келген кырсыктан кантип куткарылды?

Жалал-Абад жаңылыктары
67
0

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын тургуну Акылбек Масыркулов алгачкылардан болуп айылга кыян келе жатканын көргөн. Ал үй-бүлөсүн үйүнөн адыр тарапка алып чыкканга жетишпей калган.

Масыркулов 4 жаштагы уулун кыянга алдырып коё жаздаганын, сел учурундагы көз ирмемдерди айтып берди.

«Досумдун үйүнөн үйгө келе жатканда кара булут каптап калган эле. Апама этияттык менен адырга чыгып туруу керектигин айттым. Бирок үйдөгүлөр: "Сел көп деле келбестир” деп коюшкан. Ошентсе да утуру жолду карап, үйгө кирип-чыгып жаткам. Ошентип сыртка чыгып, пескоблоктун үстүнө чыгып карасам эле, кыян келе жатат. "Сел келе жатат” деп кыйкырып эле үйгө кирдим. Балдарды алып чыккыча сел келип калды. Анан балдарды чатырга чыгара баштадым. Төрт жаштагы баламды чыгарганда, пескоблок менен курулган бастырма көчүп кетти. Балам дал ошол бастырманын үстүндө шиферде асылып калды. Улуу балам эптеп инисин тартып, үйдүн чатырына чыгарып кетти. Болбосо кыян баламды агызып кетмек... Жубайым кош бойлуу, бир тайгаланып, кайра турду. Жолдо бизди көргөн бир жигит келди. Күчтүү экен, жубайымды сел агымынан тартып алды. Апамды карасам, сел кадимкидей агызып баратыптыр. Эптеп анарды кармап калды. Мен да агып баратып, даракты кармап калдым. Ошентип даракты кармап турганда балдар унаага жипти байлап, бизди тартып алышты. Мындай катуу селди биринчи көрүшүбүз. Менин артымдагы коңшубуздун кызын ушул сел алып кетти. Үйүбүзгө кирүү мүмкүн эмес. Балдарым, апам досумдун үйүндө, жубайым ооруканада жатат», - деди ал.

Маалым болгондой, кыян жарылган сел дамбасынан ашып, Чаңгыр-Таш айылын каптаган. Учурда жарандык коргонуу кызматтары жабыркаган турак жайларды такташууда. Бул айылга 2012-жылы да сел келип, 700дөй турак үйлөргө зыяны тийген. Ошондо да адистер айыл сел кооптуулугу бар аймактардын катарында турарын ырасташкан.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси Тойчубек Изабековдун маалыматына таянсак, 2012-жылы калкты сел кооптуулугунан сактоо үчүн сел дамбасы курулган.

«Узундугу 100 метр, бийиктиги 12-15 метр болгон сел тосмо курулган. Бул сел дамба 70 миң метр кубдай селди кармашы керек болчу. Кечээги жаан-чачын сейрек кездешүүчү жаан болду. Ошондо 150 миң кубдан ашуун суу болгондуктан дамба жарылып кеткен. Сел тосмого секундасына 20-25 миң кубдай суу келген. Бул суу 5-10 мүнөт эмес, бир сааттай агып турган. Дамбанын күчү буга жетпейт», - деди Изабеков.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көпчүлүгү документтерин алып чыгууга жетишкен эмес. Аймактык кабарчы элеттик аялдар менен баарлашканда көпчүлүк айымдар документтерин алып чыгууга үлгүрүшпөгөнүн, азык-түлүктөрүн сел алып кеткенин айтышты.

«Аман калганыбызга шүгүр келтирип жатабыз. Тирүү жан болгондон кийин азык-түлүктү ойлойт экенсиң. Эртеңки күнү балдарыбыз эмне жейт? Үйүбүз жок, кайсы жерде жашайбыз? Бизди ушул суроолор кыйнап жатат», - дешет жергиликтүүлөр.

Элеттиктер кошумчалагандай, чындыгында жаш балдарды сел агызып кетүү кооптуулугу жогору болду. Мектеп жашындагы дагы бир өспүрүм даракка асылган абалда туруп калган. Топ болгон улуу жаштагы жарандар жардамга келип, ыгын таап, куткарып калышкан. Өспүрүмдөрдү, улгайган адамдарды куткарууга болгон күч-аракет жумшалган.

Кыян каптаган турак жайлардын көпчүлүгүндө кайра кирип жашоого болбой калган. Идиш-аяк, төшөнчүлөрдүн көбү сел агындысына аралашкан бойдон турат. Баш калкалоого мүмкүн болбой калган турак жайлардын ээлеринин айрымдары башка аймакка баш калкалоого көчүп баратканын көрүүгө болот.

Тазалоо иштерине ӨКМдин кызматкерлеринен сырткары милиция кызматкерлери да тартылган. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев альтернативдик аскердик кызмат өтөп жаткандар да тартыларын белгиледи.

«Сузак райондук аскер комиссариатынын жетекчилигине альтернативдик кызмат өтөгөндөрдү жумушка тартуу боюнча тапшырма бердим. Бул жаатта кызмат өтөп жүргөн жарандарды 108 саат иштетүүгө мыйзам жол берет. Ал эми турак жайлар 3 багытта такталат», - деп билдирди ал.

Суу ташкындан улам айылда электр жарыгы да өчүрүлгөн. Азырынча жарык бериле элек. «Жалалабатэлектр» ААКтан маалым болгондой, жаандын кесепетинен эки трансформатордун ичине суу кирип, 2 даана электр мамыча кыйроо абалына кептелген.

«Мамычалар калыбына келтирилди. Ал эми үйлөрдүн ичине чейин суу киргендиктен, адистер аталган үйлөрдү кылдат карап, андан соң электр жарыгын беришет. Бул биздин жабдыктарга эч кандай тиешеси жок», - деп билдиришти.

Кара-Дарыя айыл аймагына катуу келген сел 6 жаштагы кызды агызып, жансыз денеси өзүнүн үйүнөн 500 метрдей алыстан табылган.

Жалпы 446 турак үйдү сел каптаган. Анын ичинен 183 турак үйдүн ичине, 263 турак жайдын короодогу курулуштарына сел суусу кирди. 23 турак үй авариялык абалга кептелген. Андан сырткары 1 бала бакчанын, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 1 мечиттин короо жайларына кирген. 30 гектар айдоо жерин (күрүч, жүгөрү) сел суусу каптаган.


 
https://jalal-abad.turmush.kg/news:440114

скачать dle 11.0фильмы бесплатно