Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
23:16
Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
23:07
РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт
23:07
Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат
23:06
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт
Бардык кабарлар

Жаштардын шаары Жалал-Абад: Тарыхты чагылдырган архивдик сүрөттөр

Жалал-Абад жаңылыктары / Тарых
143
0

Кыргызстанда Бишкек, Ош шаарынан кийин Жалал-Абад шаары турат. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Оштон кийинки 3-шаар. Үчүнчү ордендүү Жалал-Абад жаштардын шаары катары да сыпатталып келет. Калаанын аталышына байланышкан укмуштууудай жоромолдор да эл арасында айтылып келет. Аймактык кабарчы архивдик материалдардан жана Жалал-Абад шаары боюнча чыккан энциклопедиядан «шаар деген статус качан алынган? Калаада кандай мекемелер биринчи салынган?» мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдү.

Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган.

1890-1910-жылдары Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу оорукана иштей баштаган.

1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган.

1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген.

Шаарда 1917-жылы 17-19-декабрда совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-1928-жылдары Жалал-Абад округунун борбору болгон.

1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939-1959-жылдары Жалал-Абад облусунун борбору болгон.

1926-жылы облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага, 1926-1929-жылдар), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы).

1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалимдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ).

1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылган.

1939-жылы шаарда пахта тазалоочу, кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары пайдаланууга берилген.

Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка имараттар курулган.

1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон.

1960-1970-жылдары «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы ачылды.

Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат.

1996-жылы нефть продуктыларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди.

1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган. Мезгилдүү басылмалар чыгып, телекөрсөтүү иштейт.

2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башка курулган.

2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгилелеген.

 

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:440654

скачать dle 11.0фильмы бесплатно