Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда 15 көп кабаттуу үй жылытуу тармагына кошулат

Жалал-Абад жаңылыктары
48
0

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында 15 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына кошулат. Бул маалымат «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Жусупбеков калаадагы от казандардын кышка болгон даярдыгы жана оңдоп-түзөө иштеринен кабар алган учурда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 7 кабаттуу үйлөрдө жылуулукка кошуу системасы толугу менен бүткөрүлгөн. Дагы 2 үйдүн жер төлөсүндө жумуш кызуу жүрүп жатат.

Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын жетекчилиги тарабынан калкка тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү жана аларга уланган көп кабаттуу үйлөргө берилип жаткан жылуулуктан улам борборлоштурулган жылуулукка кошулуу үчүн кайрылгандар арбый баштады. Быйылкы жылы өкмөттүн тапшырмасына ылайык, электр энергиясын үнөмдөө үчүн да элди жылуулукка кошууга басым жасалып жатат.

«Өкмөт токтомунун негизинде кышка даярдык иштери жүрүп жатат. Бизде жалпы 136 откананын ичинен 90 откана кышка даяр болуп калды. 1-сентябрга чейин отканалардын баары толугу менен даярдалып бүтөт. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн электр энергиясы менен иштеген отканалар альтернативдүү көмүргө өткөрүү боюнча да жумуш жүрүп жатат. Бизде электр энергиясына туташкан жалпы 29 откана болсо, быйыл төртөө көмүр отунга алмаштырылды. Тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарында эки, Нарында эки откана өттү. Бул кадам жыл сайын улана берет. Жыл сайын жылуулук системасына кошулууну каалагандар көбөйө баштады. Быйыл Жалал-Абад шаарынан эле 15ке жакын көп кабаттуу үйлөр кошулат. Калаадагы электр энергияга болгон талап азаят. Таш-Көмүр шаарында 3, Базар-Коргон районунда 2 кабаттуу үйдүн жашоочулары уланса, быйыл 1 көп кабаттуу үй уланат. Шамалды-Сайда 1 мектеп, 1 бала бакча кошулуп жатат», - деди ал.

Болот Жусупбеков отканалардын жылуулук эсептегичтери, ачып-жабуу каражаттарын оңдоо жана майлоо иштери, оператордун бөлмөсү жана өлчөө каражаттарын көзөмөлдөө тапшырмаларын берди. Мындан сырткары кызматкерлердин коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин эскертти.

«Кыргызжулуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын жетекчиси Рахман Кожомбердиевдин айтымында, быйылкы жылы 10 отказан жаңыланды. Бардык отканаларды актап-сырдоо дээрлик аягына чыгып калды.

«Биздин калаада 16 отканада, жалпысынан 54 отказан иштейт. 7 откана — мазут, 5 откана — көмүр жана 4 откана газ менен жылытылат. Октябрь айына чейин 15 көп кабаттуу үй жылуулукка уланып бүтөт деп жатабыз. Бул иш аягына чыкса, шаарда борборлоштурулган жылытуу системасына кошулган көп кабаттуу үйлөрдүн саны 70ке жетет. Жылына 2 миң тонна мазут, 1800 тонна көмүр керектелет. Бул боюнча тендер өткөн. Сентябрь айынан тарта ташылып баштайт. Буюрса 15-сентябрга чейин кышка толук даяр болобуз», - деди Р.Кожомбердиев.

Жалал-Абад шаарындагы борборлоштурулган жылуулукка уланган абоненттердин саны быйыл 2 миңдин тегерегин түзөт.

 

 

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:442160

скачать dle 11.0фильмы бесплатно