Бүгүн:

Акыркы кабарлар

18:00
Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты
22:59
Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот
22:56
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
22:54
Кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө талкууланды
22:54
Эдил Байсалов: Адам капиталына инвестициялоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет
22:53
Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады
22:53
Кыргызстандын бардык аймагына электр энергиясы берилди
22:50
Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү
22:49
Кыргызстан Йемендин аймагынан Сауд Аравиянын шаарларына болгон ракеталык чабуулду кескин айыптайт
19:09
Садыр Жапаров высказал мнение по проекту железной дороги Китай — КР — РУз
23:57
"Тазалык" ишканасына механикалык көчө шыпыргыч машиналар берилди
23:57
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
11:29
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
23:35
Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди
23:32
Кыргызстандын төрагалыгы астында ЕЭК биринчи кеңешмеси өттү
23:27
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факты
23:26
Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды
19:15
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты
19:12
ТИМ Казакстанга нота тапшырып, сабалган Сыдыковго компенсация талап кылды
23:42
Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?
23:40
Кыргызстан алтынчы сапта. Суюлтулган газдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтинг
23:35
Байсалов: Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды
23:35
Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду
22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда майып адамдар гүл өстүрүп саткан күнөскана ачылды

Жалал-Абад жаңылыктары
63
0

Жалал-Абадда аялуу катмардын өкүлдөрү Голландия жана Россиядан алынып келген гүлдөрдү өстүрө баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, «Данакер» мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коому өткөн жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка долбоор жазып, жеңип чыккан. Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 25 адамга гүл өстүрүү сырлары үйрөтүлгөн. Бүгүнкү күнү шаар бийлиги тарабынан бөлүнгөн жерге курулган күнөскананы ачуу аземи болуп, анда өстүрүлгөн 100дөн ашык гүлдүн түрлөрү алгачкы кардарларына сатылды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Сөз болуп жатан коомдун төрайымы Айжамал Тарыхчиева күнөсканадагы гүлдөрдүн баалары 100 сомдон 5000 сомго чейин экенин айтты.

«Өткөн жылы сынакка катышып, андан алдыңкы орунду багынтып, мүмкүнчүлүгү чектелген 25 жаран гүл өстүрүүнү адистерден акысыз үйрөнүштү. Андан кийин Жалал-Абад шаардык мэриясына күнөскана куруу үчүн жер сурап кайрылганбыз. Алар бизге калаанын борбордук бөлүгүнөн 1 сотых жерди акысыз беришти. Ушул тапта мында 100дөн ашык гүлдүн түрү бар. Чет мамлекеттен келген гүлдөрдүн топурагын кадимки өзүбүздүн кык, биогумс жана кара топуракка аралаштырып, биздин климатта өсө турган кылып гүл отургуздук. Мында 3 кызматкер гүлдөргө кам көрүп, такай жумуш менен камсыз болду. Алдыңкы күндөрү дагы гүлдөрдүн түрүн көбөйтүү планыбыз бар», - деди Тарыхчиева.

Саамалыкка катышкан шаар мэри Э.Ормоков аялуу катмардагы жарандардын ишкердигин колдоо масатында өзүнүн жумуш бөлмөсүнө 10 даана гүл сатып алды. Ал мындан ары да шаар бийлиги тарабынан аталган коомго колдоо болорун кошумчалады.

«Коомубузда аялуу катмардын өкүлдөрү да өз оордун таап, жумуш менен камсыз болгону кубантарлык көрүнүш. Ачыгын айтканда, бүгүнкү күнү 12 мүчөсү соо болуп, кайырчылык кылып жүргөндөр да көп. Коомдун төрайымы жер тилкесинен маселе жаралып жатканын айтканда адистер менен кеңешип, тез арада чечип берүү жагын карадык. Бүгүнкү күнү биз берген кичинекей жерге күнөскана куруп, анын ичинде түркүн-түстүү гүлдөр өстүрүлгөнүн көрүп абдан кубандык. Бул жайдан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да жумуш менен камсыз болгону абдан жакшы саамалык болду. Жалал-Абад шаардык мэриясы алдыңкы күндөрү бул гүлдөрдү сатуу үчүн шаардын борбордук базарынан атайын орун даярдап беребиз», - деди шаар мэри.

Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 миңден ашуун жаран бар.

 

 

 

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:443407

скачать dle 11.0фильмы бесплатно