Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:58
БШК «Ынтымак» партиясынан Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартты
16:57
“Империя пиццы” кафеси. Тамактан уулангандардын саны 179 адамга жетти
16:02
Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди
16:00
Кыргызстан — Кытай темир жол ишканаларынын башчылары кызматташууну талкуулады
15:54
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
22:00
Арзыбек Кожошев атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
21:55
Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси
21:52
Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты
21:50
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
Бардык кабарлар

Аксы районунда өлгөн малдан күйдүргү оорусу аныкталды

Жалал-Абад жаңылыктары / Животные
25
0

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Жүзүмжан айылынын 7 тургуну күйдүргү оорусуна күмөндөлүп жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын мониторинг жана баалоо секторунун башчысы Мурат Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Ноокен районундагы лабораториянын жыйынтыгында Аксыдагы малдардын биринде буга чейин күмөндөлүп жаткан оору бар экени тастыкталды.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой, Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылынын 7 тургуну күйдүргү оорусуна шектелип жаткырылган күндөн тарта биздин кызматкерлер да өздөрүнө тиешелүү жумуштарды жасап жатышкан. Ошол айылда өлгөн малдын биринен сибирь жарасы тастыкталды. Эртең ошол айылга барабыз, дагы кошумча маалыматтар берилет. Карантиндик иштер жүргүзүлүп жатат», - деди ал.

Маалым болгондой, 2-сентябрда Аксы аймактык ооруканасына Жүзүмжан айылынан 4 тургун түшкөн. Аларда күйдүргү оорусунун белгилери байкалгандыктан тиешелүү тараптарга кабар берилген. Аталган айылда өлгөн малдар санитардык жана ветеринардык эрежелердин негизинде залалсыздандырылып көмүлгөн. Ал эми ооруканада жаткандар мал союуга жана ичеги-карынын жууганга катышкан тургундар.

Жүзүмжан айылынын тургуну Жээнкулдун кара малы коңшусунун үйүндө тыпырап жатып калгандыктан эл тиешелүү адистерге кайрылбай эле союп салышат. Малды союуга 5 адам, ичеги-карын тазалоого 4 аял катышкан. 24-август күнү союлган малдын эти 11 топко бөлүнүп, 13 үй-бүлөгө таратылган.

Жалпысынан 102 килограмм эт бар болчу. Анын ичинен 35 килограмм эт атайын чуңкурга ташталды. Калган этти жергиликтүүлөр жегенге үлгүрүшкөн.

Адистердин айтымында, дал ушул Жүзүмжан айылынын 2 тургуну быйылкы жылдын жаз мезгилинде дал ушул күйдүргү оорусуна күмөндөлүп, дарыланып чыгышкан.


 
https://jalal-abad.turmush.kg/news:444975скачать dle 11.0фильмы бесплатно