Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген жаран өз өмүрүн кыйганы айтылууда.
Жергиликтүүлөрдүн аймактык кабарчыга билдиргенине караганда, ал мугалимдик кесип менен катар ырчылык менен да алектенип, тойлордо жар-жар айтып жүрчү.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы калаада өз өмүрүнө кол салуу фактысы жүз бергенин ырастады.
Маалым болгондой, кечээ, 26-сентябрда аталган жаран көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ашканада газ өткөн түтүккө шарф менен асынып алган.
Ырчылык өнөрдү аркалап келген А.А. буга чейин «Барпы» театрында да эмгектенип кеткен.