Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
Бардык кабарлар

Аксыда жумуштан бошотулган кызматкер кайра жетекчи болду. Эмгек жамаат эмнеге нааразы?

Жалал-Абад жаңылыктары
246
0

Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаат кабыл албай, иш таштап, райондун акими менен сүйлөшүүдөн кийин кайрадан жумушка чыгышты. Бул маалыматты аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Илич Узенов тастыктады.

Маалым болгондой, Аксы аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Сапаров дайындалган. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-сентябрда кол койгон. Ал эми бул жетекчи ушул жылдын 17-сентябрында Эмгек кодексинин 83-беренеси (иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) менен жумуштан бошотулган. Башкармалыктын башчысы 14-сентябрдан 24-сентябрга чейин дарыланып жүргөн учурда кызматынан бошогон.

«Жетекчибиз Таалайбек Исанов 14-сентябрдан 24-сентябрга чейин больничныйда болгон. Бүгүнкү күндө облустук ооруканада жатат. 20-сентябрда министрдин буйругу менен жумуштан алынган. Ал эми жетекчинин орун басары устав боюнча автоматтык түрдө милдетин аткаруучу болуп калат. Мындан улам орун басар эсепкананын башка адиси Мирлан Сапаровду 17-сентябрда берене менен жумуштан бошотуп жатат. Берене менен кеткен кызматкер 20-сентябрда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалып калууда. 23-сентябрда буйрук эмгек жамаатка тааныштырылып, кызматкерлердин 60 пайызы жумуш таштоого бармак болушкан. Жума күнү район акими жамаат менен жолугушуп, кызматкерлерди жумуш таштабоого чакырып, сүйлөшүүдөн улам жумушка чыгышты. Бирок бул баары толук иштеп жатат дегенди билдирбейт», - дейт Илич Узенов.

Анын айтымында, жамаат жаңы жетекчиликке каршы болуп жатат.

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков эмгек жамаат каршы болуп жатканын тастыктап: «Мага жумуш таштоого барышары боюнча келишкен. Аларга болгондо да аярлуу катмардагы адамдар менен иштейсиңер, иш таштоону токтотуңуздар дегем. Анткени ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешет, жөлөк пул, пенсия алган адамдар бар. Аларга мамлекеттен чегерилүүчү акча бир күн да кечиктирилбеши керек. Буйруктун мыйзамдуулугун тийиштүү органдар карайт. Бизден эч кандай сунуш алынган эмес. Азыркы келген жетекчи берене менен кеткен экен, бирок ал кабары жоктугун айтып жатат. Муну тиешелүү тараптар өздөрү териштирип алышат», - деди аким.


 
https://jalal-abad.turmush.kg/news:446293скачать dle 11.0фильмы бесплатно