Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮ

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮЧек ара көйгөйү Кыргызстан эгемендикти алгандан бери талылуу маселелердин бири бойдон калууда. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында бул маселе курч. Серепчилер буга соңку мезгилде чек ара бекеттеринде орун алган бир канча чырчатактуу окуялар далил экенин белгилеп келишет. Алар чек арага жакын жашаган аймактарда мал-жан мында турсун, адамдын өмүрү кооптуу экенин да айтып жатышат. Мына ошондон курчуп жаткан чек ара маселесиндеги абалды туруктуу сактоо, анын чыңалышына жарандык коомдун салымы тууралуу “Взгляд” гезити тарабынан атайын тегерек стол өткөрүлдү.

 

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮТегерек столго чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы жана бир нече чек ара кызматындагылар, облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, атайын эксперттер жана массалык маалымат каражаттары катышышты.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө “Взгляд” гезитинин башкы редактору Олеся Тугушева сөз сүйлөп, жыйындын башкы максаты өлкөнүн орчундуу кырдаалдары жарандардын көңүл сыртында калбашы керектигин билдирди.

“Чек ара маселесине бир эле чек арачылар же анда жаралган учурларга күч түзүмдөрү гана жооптуу эмес экендигин ар бир жаран сезе билүүсү абзел. Бул бир гана кызматтагылардын эмес бүтүндөй мамлекетибиздин көйгөйү. Ошондуктан мындай кырдаалдарда же болбосо чек ара боюнча орчундуу маселелер жаралып калган чакта анын чечилүүсү үчүн жарандык коомдун да салымы болушу керек. Албетте аша чапкан деңгээлде эмес”,- деди О. Тугушева.

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮЖыйын алкагында жаралган “Чек аранын чечилбей жаткан четки маселеси эмнеде?” деген суроого Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Надырбеков төмөндөгүчө жооп берди.

“Негизинен бул өлкө эгемендикти алгандан бери жаралып келген маселелер. Аны бир күндө эле чечип коюуга болбойт. Андан калса мамлекеттик деңгээлде гана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечиле турган жагдайлар. Бул багытта бизде толгон көйгөйлөр бар. Болгону аны курчутуп жибербөө үчүн жалпы коомчулук жагдайга карап туруп аракет жасоо керек”,- деди З. Надырбеков.

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮОшол эле учурда ал, чек ара маселесин коомчулукка жайылтууда массалык маалымат каражаттарынан мүчүлүштүктөр кетип жаткандыгын айтып, “Айрым учурларда туура эмес берилген маалыматтардан улам коомчулукта түрдүү кайчы пикирлер жаралып жатат”,- деп белгиледи.

Ал эми ММК өкүлдөрү болсо журналисттер окуянын чоо жайын анык иликтеп гана маалымат берээрин айтышып, социалдык тармактагы маалыматтар менен журналисттер берген маалыматтардын айырмасы чоң болоорун билдиришти.

“Чын эле блоггерлер тарабынан социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтар көпчүлүктү дүрбөлөңгө салат”. Мындай пикирин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин директору Бегимай Бекболотова билдирди.

ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮ“Жаштардын басымдуу бөлүгү социалдык тармактарда отурушат. Ал жерге блоггерлер тарабынан жайгаштырылган туура эмес, түрдүү чакырыктарды жасаган маалыматтар элдин ой-пикирин өзгөртүп, “куру баатыр” болууга үндөй берет. Буга да кандайдыр бир чектөө киргизүү бүгүндүн талабына айланууда”,- дейт Б. Бекболотова.

Бул ортодо “Взгляд” гезитинин кабарчылары тарабынан чек ара кызматындагыларга массалык маалымат каражаттары менен иштөө боюнча жаңы ишмерчем түзүү планы сунушталды.

“Өлкөнүн чек ара маселесин чагылдырууда ММК өкүлдөрү менен чек арачылардын же болбосо дагы башка кызматтагылардын ортосунда түрдүү пикир ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮкелишпестиктер жаралып, коомчулукту дүрбөлөңгө салбаш үчүн, же болбосо айрым мүчүлүштүктөргө жол бербөө максатында атайын иш-мерчемдер түзүлүп, ошонун негизинде иш алынып барыла турган болсо эки тараптын ортосунда пикир келишпестиктер курчубайт эле”,- деп айтылат сунушта.

Ал эми мындагы сунушту колдоого алаарын айткан Замирбек Надырбеков жогорку жетекчилик менен акылдашып, сунушту ишке ашыруу планын түзөөрүн билдирди.

Жыйындын соңунда тегерек столдун катышуучулары чек аралар такталып бүткөнгө чейин бири-бири менен карым-катнаш түзүп, кандай гана кырдаал болбосун бирине-бири көмөкчү болоорун маалымдашты.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,
“Взгляд” Жалал-Абад

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 15-10-2016, 16:22
0
307

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх