Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:22
Кыргызстан жана Казакстан парламент төрагалары кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
23:21
Президент аймактарда борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды
14:39
Кыргызстандыктар ПЧР-тести жок кайсы өлкөлөргө бара алат? Жооп
14:35
Сергей Лавров Бишкек бизнес-форумунун катышуучуларына каалоо-тилек айтты
14:32
Марат Иманкулов: EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 коопсуздукка түздөн-түз таасир этет
16:01
Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти
15:57
Бишкектен Алматыга күн сайын уча турган жаңы авиакаттам ачылды
15:56
Бишкектеги бизнес-форум: кайсы маселелер талкууланары айтылды
21:03
Россиядан Бишкекке эки жаңы аба каттамы ачылды
21:02
Бажы кызматы ЖК депутатынын аткезчилик тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди
21:01
Чатырларда отурушу керек беле? Эксперттер Кумтөрдүн жаңы кеңсеси боюнча
21:00
Акылбек Жапаров жана Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты
16:57
Акылбек Жапаров жер амнистиясына түшкөн тилкелердин документтерин кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырды
16:52
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: тараптар аскерлерди артка тартууга макулдашты
16:52
РКӨФ Кыргызстанда бизнес жасоонун артыкчылыктарын санады
22:56
Кийинки жумада АКШнын Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы Кыргызстанга келет
22:55
Акылбек Жапаров Токмоктогу Борбордук Азия эл аралык университетин кыдырды
23:29
«Кумтөр» жыл башынан тартып бюджетке 17 млрд сомдон ашык төлөдү
23:27
КР ТИМ башчысынын орун басары Пакистандын элчисин дипмиссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды
23:26
Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектростанциянын бири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталды
22:17
Кыргызстанда БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына тартип коргоочулар тандалууда
22:09
Бейшеналиевди беймаза кылган вакцина чыры
22:04
«Манас айылы» маданий мураска айланышы керек – Президенттин иш башкармасы ачык сынак жөнүндө
22:02
Садыр Жапаров эртең Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет
22:00
Башкы прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан пара талап кылган
21:57
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөштү. Жыйынтыгы
05:22
Прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиевге 7 иш козголду, дагы үч жетекчи кармалды
23:36
Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштери менен таанышты
23:35
Ысык-Көлдө унаа жолго түшүп алган кулжаларга тоют жеткирилип, коргоого алынды
23:34
Чолпон-Атада 17 жылдан кийин “Алтын балалык” реабилитациялык комплекси иштей баштады
23:29
Бишкектин четиндеги конуштарда жерди мыйзамдаштыруу боюнча жобо бекитилди
23:23
Ат-Башы районунда инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери жүргүзүлөт
23:20
Кыргызстандын аймагынан шекерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды
22:18
Акчанын көлөмү бир айда миллиарддаган сомго өсүп, жаңы рекорд койду
22:11
Президент Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
22:21
Бакыт Төрөбаев: Өлкөдө кумшекердин кору жетиштүү
22:20
Садыр Жапаров: ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы актуалдуу тема бойдон калууда
22:17
Алымкадыр Бейшеналиев министрликтеги бир катар аткаминерлерди иштен алды
22:31
Никита Михалков Бишкектеги форумда Евразия киноакадемиясын түзүүнү сунуштады
22:29
Токаев: Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция салышы мүмкүн
22:28
Энергетикалык коридор, жүк ташуу, КРге пайдасы... Евразиялык форум тууралуу
22:26
На «Кумторе» создана спецкомиссия — борты центрального карьера пришли в движение
22:32
Евразия экономикалык форумун өткөрүү Кыргызстанга кандай артыкчылык берет
22:29
КР аскерлери Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда
22:28
Сауд Аравиясы Кыргызстан менен маданият тармагында кызматташууга кызыкдар
Бардык кабарлар

Коллегиялык жыйын: Жалал-Абадда жөлөк пулга кызыгып, сунушталган жумушка барбай койгондор бар

Жалал-Абад жаңылыктары
76
0

Мекеме-ишканалар бош жумуш орундарын жашырышат. Мындай маалымат Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында жыл ичинде аткарылган жумуштар, пландык көрсөткүчкө чыкпай калган тармактар боюнча жалпы баяндама жасалды. Социалдык тармак боюнча калк саламаттыгы үчүн көрүлүп жаткан иштер белгиленди.

Баяндамада маалым болгондой, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга комөктөшүү бөлүмүнө былтыр жалпы 2527 адам кайрылган. Алардын ичинен 800дөй адам жумуш издеп келген. 1954 адамга ар кандай кеп-кеңештер берилген. 390 адам жумушка орношсо, 141 адам коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн. Учурда 1241 жаран расмий түрдө жумушсуз болуп каттоодо турат.

Мэр Эрнис Ормоков жумушсуздукту жоюуну мындан ары да колго алуу керектигин белгилеп, мекеме-ишканалар бош жумушчу орундар боюнча башкармалыкка канчалык кабар бере тургандыгына кызыкты.

Аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Назира Жакыпова жөлөк пулдан кол жууп калбоо үчүн айтылган жумуштарга айрымдар кызыкпай жатканын белгиледи.

«Мыйзам боюнча бардык мекеме-ишканалар бош жумушчу орундар болсо бизге бериши керек. Бирок көпчүлүк мекемелер бош жумушчу орундары боюнча маалымат беришпейт. "Жалал-Абад Тазалык" ишканасы гана ар дайым бош жумуш орундары боюнча берип турат. Айдоочу керектиги боюнча кат жөнөтүшкөн, 3 жумушсузду жөнөттүк. 20 миң сомго чейин маянасы бар жумуш орундар боюнча деле болот.

Дагы баса белгилей кетүүчү жагдай, расмий каттоодо турган жумушчулар кээде балдарга берилүүчү жөлөк пулдан ажырап калбоо үчүн да биз сунуштаган жумуштарга барышпайт. Мыйзам талабына ылайык, жөлөк пул алуу үчүн жумушсуз деген норма бар. Балдардын жөлөк пулуна кызыгып, сунуштаган жумуш орундарга барбай койгондор болууда. Азыр бизде 35 бош жумушчу орун турат. Расмий каттоодо тургандар түрдүү шылтоолор менен келбей жатышат. Ушундай жагдайлар деле таасир берип калууда», - деди ал.

Калаа башчы бош жумуш орундары боюнча калкка дагы да жайылтууну табыштады.

«Аймактык башкармалыктар менен иштегиле, жумуш берген ишканалар менен тыгыз ишти дагы да уланткыла. Бош жумуш ордун катып койгондор болсо, бизден мамиле катуу болот. Бош жумуш орун тууган-урук үчүн эмес, жумушсуздарга эшигиңер ачык болсун», - деди мэр.

  • Жалал-Абад шаарында 2021-жылы жалпы 104 ишкана ачылып, 400гө жакын жумуш оруну түзүлгөн.
 

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:457853

скачать dle 11.0фильмы бесплатно