Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулунун демилгеси менен райондогу муктаж 30 үй-бүлөгө 75 миң сомдук тамак-аш азыктары жардам катарында таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү иш-чарасы Ас-Салам фондусунун колдоосу менен ишке ашты.

«Ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдун тамак-аш азыктары берилди. Бул үй-бүлөлөр чындыгында жардамга муктаж. Демилгени колдогон Ас-Салам фондуна ыраазычылык билдирем”, - деди Талантбек Акылбек уулу.

http://kg.kabar.kg/news/zheti-g-z-raionunda-muktazh-bolgon-30-i-b-l-g-azyk-t-l-k-bashtykchalary-taratyldy/