Аракети бар үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн Жалал-Абад облусуна 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.
«Жалал-Абад облусу боюнча 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республиканын бюджетинен 60 млн сом бөлүндү. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам жөнүндө долбоорунун алкагында «үй бүлөгө көмөк» жөлөкпул алуучулары 100 миң сом грант алуу үчүн сынака катыша алышат жана өз ишин ачканга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга жардам берет» — деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилген.
2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышкан.
Ал эми Бишкектин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүнгөн.