Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын
1979-жылы туулган тургуну М.А. кайрылып, ушул жылдын август айынын орто
ченинде 2008-жылы туулган уулу белгисиз тарапка качып кеткен бойдон
дайынсыз экендигин билдирген.
Бул маалымат каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери
башталган. ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн
издөө иштеринин жыйынтыгында 14 жаштагы бала Ош шаарында жүргөндүгү
аныкталган. Ал Жалал-Абадга алынып келип, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:481283