Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы
күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын
кызматкерлери тарабынан 2021-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул
районундагы Ничке-Сай айылынын аймагында козголгон кылмыш иштеринин
алкагында Ничке-Сай айылынын 1986-жылы туулган тургуну М.А.дан 2 кг 160
грамм болгон баңгизатын алуу боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларында М.А.ны иш жүзүндө кармоого мүмкүн болгон
эмес. Анткени ал кылмыш жасалган учурда гашиш баңги каражатын катканга
жетишип, кылмыш жасалган жерден качып кеткен. Жалал-Абад ОИИБдин тергөө
кызматы тарабынан Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын
санкциясынын негизинде издөө жарыяланып, кармалган учурдан тартып камакка
алуу чарасы тандалып алынган.
Мындан тышкары М.А. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (баңгизат
каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү
максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган мурда козголгон 3 кылмыш иши
боюнча айыпталууда.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү 2022-жылдын
17-ноябрында Жалал-Абад облусунун Суусамыр өрөөнүнүн аймагында кармалып,
Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң убактылуу
кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо
боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:484071