Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Сузакта наристе кызга ичимдик ичирип, тамеки жана насыбай чектирген ата аны кыйнап өлтүргөн. Ал жаш аялын кантип алдаган?

Жалал-Абад жаңылыктары / Коом жана проблемалар
184
0
Абды (аты өзгөртүлдү, Ү.Т.) 1985-жылы Сузак районунда туулган, билими орто, ажырашкан, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон.
 
Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Абды 2018-жылдын 4-ноябрында Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Анаркүл (аты өзгөртүлдү, М.к.Т.) менен баш кошкон. Жабырлануучу Анаркүлдүн мурунку турмушунан 2016-жылы төрөлгөн Гүланда (аты өзгөртүлдү, А.Р.) аттуу кызы болгон.
 
2018-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Абды үйүнө мас абалда келип, Гүланданы ур-токмокко алган. Ошол учурда наристенин башы жерге тийип, кан аккан. Андан сырткары Абды өгөй кызына спирт ичимдигин ичирип, ачуу калемпир жедирген. 
 
Ошондой эле, 2019-жылдын январь айында Гүландага тамеки тарттырып, насыбай чектирген. Ошол маалда наристе «сийем» деп айтканда, аны эки колу менен жакасынан кармап, колу менен чаап, жерге жаткырып койгон. Гүланда ошондон баштап коркконунан шымына сийип баштаган. Анда дагы «шымыңа сийсең, могу жериңди үзүп алам» деп жыныстык мүчөсүн чымчып, денесине жаракат келтирип жүргөн. 
 
Наристе дене жаракатынан улам тынбай ыйлагандыктан Абды Анаркүлгө: «Кызыңды ал. Эгер ушундай ыйлай бере турган болсо, бир нерсе кылып таштайм» деп айтып жүргөн. 
 
2019-жылдын 15-мартында саат 07:30 чамасында Анаркүл бала бакчага жумушка бара жатканда уктап жаткан кызын сыртка алып чыгып, тоскон. Ошол күнү бала бакчада текшерүү пландалгандыктан, кызын аргасыз күйөөсү Абдыга таштап кеткен. Себеби анын тиешелүү документтери болгон эмес.
 
Кыздын апасы жумушка кеткенден кийин Абды эч ким жоктугунан пайдаланып, муштуму менен наристенин оң кулагынын артына, төбөсүнө, оң билегине, сол чеңгелине, ичине, эки тизесине, оң тарап чыкыйына, башынын оң тарабына уруп, буту менен тээп жаракат келтирген. Анын кесепетинен Гүланда кусуп, ичи өткөн. Абды аны сыртка алып чыгып жуунтуп, кайра үйгө киргизип, жаткырып койгон. Болжол менен саат 11:00 чамасында 3 жаштагы наристе көз жумган. 
 
Сузак РИИБдин кызматкерлери тергөө амалдарын баштаганда өзүнүн кылмышын жаап-жашыруу максатында аялы Анаркүлгө: «Сен аялсың, мойнуңа ал. Саткан унаамдын акчасын алып, сени чыгарып кетем» деп айтып, аны мойнуна алдырткан. Анын менен өзү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен. 
 
Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакция) 135-беренесинин 1-бөлүмү менен Абды күнөөлүү деп (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) табылып, 4 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
 
Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Абды Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган
 
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 8-майындагы «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10-жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүн колдонуу менен Абдыга карата дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазасынын 1/3 бөлүгү кыскартылган.
 
Жабырлануучунун жактоочусу Н.Р. апелляциялык инстанциядагы соттун соттук актысы менен макул болбой, кассациялык даттануу келтирип, Абдыны Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-7-9-пункттары менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сураган.
 
Жыйынтыгында Абды тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун 2022-жылдын 9- мартындагы өкүмү өзгөртүлдү. 
 
Жогорку сот тарабынан Абды Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3- 7-9-пункттары (киши өлтүрүү) менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.
 
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:485495
скачать dle 11.0фильмы бесплатно