Анын айтымында, жаан-чачындуу күндөрү жолго суу толуп, айдоочулар адырдын
жээгине жол салып, каттап жатышат.
«Базар-Коргон—Арстанбап унаа жолунун дээрлик 5-6 жеринде адырдан түшкөн
суу жолду каптап, чоң чуңкурчалар пайда болгон. Айдоочулар бул чуңкурлардан
качып, адырды жээктеп жол кылып алган. Бул маселе менен район акими жана
жол тейлөө ишканасынын жетекчисине бир нече жолу кайрылдык, бирок
жыйынтык жок. Бул маселе көптөн бери чечилбей келе жатат. Жолдор бузулуп,
жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралууда. Кыштын күнү жолду суу
каптаса, жаз-жай мезгилинде сел суулары жолго түшөт. Бул унаа жолу союз
мезгилинен бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек», - деди айыл тургуну.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/news:486782