[media=http://https://www.youtube.com/watch?v=VuKP7CWKuQM&ab_channel=AimakAkipress]
«Майлуу-Суу лампа заводунун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүруп, алар деле бизди
колдошту. Шаардыктар үчүн майрамдагыдай маанай жаратылды. Экинчи жолу
орнотулган балатыны да өрттөөгө аракет жасалганда, заводдун кузөтчүсү көрүп
калган. Бул боюнча милицияга да күзөтчү кабар берген», - деп айтылат
маалыматта.
Майлуу-Суу шаарында орнотулган балатынын бийиктиги 5 метр, туурасы 1,5
метрди түзөт. Балатыны кооздоо 87 миң сом бөлүнгөн. 30-декабрга караган түнү
калаадагы 34 жаштагы келин балатыны өрттөп жиберген.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянсак, милицияга 30-декабрда
эртең менен жаңы жылдык балаты өрттөнгөнү боюнча маалымат түшкөн. Окуя
болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын
негизинде 34 жаштагы С.А. аттуу келин кармалган.
«Ал өз көрсөтмөсүндө жалганга ишенип чоңойгонун, эл балатынын жанында
сүрөткө түшүп, жалганга ишенбей эле койсун деген ойдо өрт койгонун айткан. Бул
боюнча тергөө амалы жүрүп жатат», - деп билдиргенОИИБдин басма сөз кызматы.
Источник: https://jalal-abad.turmush.kg/ky/news:491193