"Түштүктрансгаз” филиалы "Майлуу-Суу-4-Ош” магистралдык газ өткөргүчтүн түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөт.
"Күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жумуштар жүгүзүлүүдө. Мындан сырткары, 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
"Түштүктрансгаз” филиалы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/zhalal-abad-shaarynda-besh-k-ng-zharatylysh-gazy-ch-r-l-t-sebebi/