Ички иштер министри Улан Ниязбеков ушул жылдын аягына чейин заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгы белгиленген. Анын натыйжасында өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилген.
Кызматтык автоунаалар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук милиция бөлүмдөрүнө бөлүндү.
Ошондой эле "Коопсуздук-2023” биргелешкен машыгууга жигердүү катышкандыгы, мыкты даярдыгы, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана чеберчилиги менен аскердик жана укуктук тартипти жогорку көрсөткүчтү көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/zhalal-abad-oblustuk-militciiasyna-zha-y-unaalar-tapshyryldy/