Маалыматка караганда, бүгүн, 8-майда, айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-10-11-май жаан-чачынсыз болот.
Ал эми 12-майда тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
13-14-майда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Источник: https://sputnik.kg/20230508/zhalal-abad-14-majga-chejinki-aba-yrajy-1075093361.html