Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда 50 метрлик туу көтөрүлүп, салтанатка Садыр Жапаров катышты

Жалал-Абад жаңылыктары / Коом жана проблемалар
475
0
Жалал-Абад шаарындагы Аюб-Тоо тоосунун этегинде бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, салтанатка мамлекет башчы Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Жалал-Абад шаарынын тургундарын калаанын 146 жылдык майрамы менен куттуктаган.
"Чынында чамгарагынан алтын түстүү күн нуру чачыраган кызыл туубуз кыргыз журтчулугубуздун, байыркы ата-бабаларыбыздын басып өткөн бай тарыхын, уюткулуу көчмөн элдин философиясын чагылдырып турат. Кызыл тууларды кылкылдата көтөрүп, каруусун казык, канын азык кылып жүрүп канчалаган кас-душмандарды жеңип, урпактардын келечегине кам көрүп, керемет Кыргызстанды Мекен кылып бизге аманат калтырган баатыр бабаларды эсибизден чыгарбашыбыз керек! Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек баатыр, Жаныш-Байыш баатырлар, Нүсүп миң башы жана башка баатыр бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган дүйнөгө таанымал Арсланбапты, касиеттүү Сафед-Буланды, Аркыт, Кара-Алмайдай жер соорусун, тоо койнунда өзүнчө бир кооздукту камтыган Сары-Челекти, канча ооруга шыпаа болгон Аюб-Булак сындуу керемет жерлерди барктап-баалай билишибиз зарыл", — деген мамлекет башчы.
Ал учурунда Жалал-Абад калаасы Афганстан жана Кытай менен тыгыз соода байланышта болгонун белгилеп, өлкөнүн ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүндө, көп этностуу элдердин ынтымагы менен маданиятынын ширелишинде күнөстүү Жалал-Абад жергесинин орду чоң экенин кошумчалады.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, шаардагы стелла-флагштокту орнотуу облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 16 миллион 745 миң сом жумшалган. Стелла-флагштоктун айланасы Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан каржыланып көрктөндүрүлдү. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион 683 миң сом каражат жумшалган.
Источник: https://sputnik.kg/20231026/zhalal-abad-tuu-sadyr-zhaparov-1079907565.html 
скачать dle 11.0фильмы бесплатно