Бүгүн:

Акыркы кабарлар

09:55
Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди
14:48
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
14:33
Аламүдүн айылы эл ташыган 8 автобустуу болду.
12:56
"Ак-Жол" бекети жаңы тартип менен иштей баштады
12:54
"Кант" базасынын авиациясы Жеңиштин урматына арналган аскер парадына катышат
12:51
УКМК 50 миң сом пара алып жаткан "Ошэлектр" ишканасынын эки кызматкерин кармады
12:33
Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги
14:08
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
12:30
Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
12:21
Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
12:17
Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?
11:33
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
14:34
Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда
14:01
Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
13:53
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
13:52
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти
13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:36
Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады
Бардык кабарлар

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАДЫ

Жалал-Абад жаңылыктары / Интервью
761
0
Жалал-Абад облусу кеңдиги боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турган аймак. Ушул тапта Жалал-Абадда жайкы иштер кызуу жүрүп, айрымдары аяктап, өлкөбүз дүн өз алдынча болгонуна 25 жыл толгонуна карата бир топ иш-чаралар байма-бай өтүп, кээ бирлерине даярдыктар кызып жаткан мезгил. Мындагы аракеттердин жүрүүсү, бул жылдагы буга чейинки аткарылган иштер тууралуу облус жетекчи Эгембердиева Жумагүл Шариповнага бир нече суроолор менен кайрылып, жылуу маек курдук.
 
 ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАДЫ- Жумагүл Шариповна, Сиз башында
турган Жалал-Абад областы республикабыздагы ири аймактардын катарында турат. Бир миллиондон ашуун көп улуттуу калкы бар, энергетиканын булагы аталган, өнөр жайлуу, эл чарбачылыгына негизделген областта ушул жылдын жарым жылында кандай ийги иштер жаралды?
- Туура айтасыз, Жалал-Абад жергеси кереметтүү аймак. Жер алдында кара алтыны менен сары алтыны буугуп жатса, жер үстүндө «ак алтыны», мөмө-жемиши төгүлүп, улам жыл арылаган сайын жашоо деңгээлибиз өсүп, маданиятыбыз заман талабы менен шайкеш, алдыга умтулуунун ыргактары байкалат. Элибиз көп улуттан куралса да, бир үй-бүлөдөй жашоо кечиришип, даркан талаага бешене тер төгө билген, мээнеткеч калк. Ошол себептен да бардык көрсөткүчтөр боюнча өсүүлөр байкалат. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -100,1, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси -107,7, автотранспорт менен жүк ташуу -108,7, жүргүнчүлөрдү ташуу -106,5, кызмат көрсөтүү -104,9, чекене товар жүгүртүү -104,0 пайызга аткарылды. Анын ичинде айрымдарына токтоло кетсек, 25944 тонна эт өндүрүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 650 тоннага көп. Сүт болсо 134865 тонна жеөткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3647 тоннага жогору болду. Област боюнча 2016-жылдын түшүмү үчүн 152635 гектар аянтка айыл чарба эгиндерин айдап себилген болуучу. Тактап айтканда жалпы дан эгиндери 60667 гектар болсо, анын ичинен 19536 гектар буудай, 5734 гектар арпа, 34707 гектар жүгөрү, 4335 гектар күрүч, 700 га түрдүү дан эгиндери түзөт. Дан эгиндерин сырткары 9743 гектар пахта, 14358 гектарга май өсүмдүктөрү, 9406 гектар картошка, 11837 га жашылча, 3893 гектар коон-дарбыз, 38400 гектар көп жылдык тоют өсүмдүктөр айдалып, себилген. Азыркы кезде дан эгиндери жыйналып бүтүп калды. Орточо түшүмдүүлүк 34 центнерден айланып жатат. Жер-жемиштер да мол экендиги байкалат. Негизи дыйкандарыбыз бешене терименен өстүргөн түшүмдүн кайтарымын көрө баштаган учур келди.
- Дыйкандар үчүн эң алдын техника зарылдыгы да бар эмеспи. Бул жагынан маселе кандай чечилген?
- Туура, Союз ыдыраганда айыл чарба техникалары сатылып кетти же талоонго түштү. Ошондон улам өзүңүз белгилегендей жер иштете турган айыл чарба техникаларында тартыштык жаралды. Бирок, бара-бара бул маселе деле оң жагына чечилип баратат десек болот. Быйылкы жылда биздин эгин талааларыбызда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноодо 84 комбайн иштеди. Мындан сырткары област боюнча 72 251 дыйкан фермердик чарба, 929 айыл чарба кооперативи, 16 үрөн чарба, 18 техникалык сервис, 28 асыл тукум чарбалар, 24 мал союучу жайлар, 34 жасалма жол менен уруктандыруу пункттары иштеп жатат. Ошондой эле Сузак районундагы "Өнүгүү” МТСтин техникалары Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда дыйкандарга кызмат көрсөттү. Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы "Оңдоочу” техсервисинин базасында жаны МТС куруу боюнча иш аракеттер жүрүп жатат. Мындан сырткары областка 13 даана «Беларусь» маркасындагы жер айдоочу трактор, 6 даана сеялка жана 1 даана күрүч оруучу, 3 даанадан жыйноочу комбайн, жалпысы болуп 23 айыл чарба техникасы лизингге алынды.
- Албетте, чарбалык иштер өз нугунда жүрүп жатыптыр. Быйылкы жылда областта экинчи Эл аралык бизнес форум өтпөдүбү, анын натыйжасы кандай болду?
-«Жалал-Абад областынын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү страгегиясынын» программасынын алкагында экспортту көбөйтүү тышкы сооданы чыңдоо багытында 2015-жылдын 9-10-июлунда, биринчи Эл аралык «Жалал-Абад-2015» бизнес форуму өткөрүлгон болуучу. Ага Россия Федерациясынан, Азербейжан, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынан ишкерлер жана инвесторлор келип катышкан. Форумду уюштурууга жана өткөрүүгө БУУнун «Өнүктүрүү программасынын» соодага көмөктөшүү долбоору, USAIDдин «Агро горизонт» долбоору, ЕККУ (ОБСЕ), Гер-маниянын эл аралык кызматташуу коому (GIZ), АгроЛид коомдук бирикмеси, КР тышкы иштер министрлигинин түштүк Кыргызстан боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи, «НУР Телеком» компаниясы (О! соода маркасы) (башкы медиа партнер катары) жана «Шоро» компаниясы (Форумдун улуттук суусундугу катары) өнөктөш болду. Форумдун жыйынтыгында 8 кызматташуу келишимдери түзүлгөн. 
Ал эми 2016-жылдын 21-июнунда II Эл аралык Бизнес форум өткөрүлдү. Форумга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, ири фирмаларынын жетекчилери жана Кытай ЭлРеспубликасынын Ош шаарындагы консульствосунун өкүлдөрү катышышты. Форумдун алкагында айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциялар боюнча жарманке өтүп, областтын булуң бурчунан келген дыйкандар өздөрүнүн чыгарган продукцияларын көргөзүштү. Форумдун жыйынтыгы натыйжалуу болуп, айыл чарба тармагында чыгарылган продукцияларды чет өлкөгө экспорт кылууга өбөлгө түзүлүп, областтын инвестициялык потенциалы кичине болсо да жогорулады.
- Жалпыга маалым, быйылкы жыл мамлекет башчыбыз тарабынан "Тарых жана Маданият” жылы деп кабыл алынып, анын шарапаты менен өлкөбүздө көп маанилүү жана тарыхый иш-чаралар өтүп жатат. Бул багытта областтагы жагдайлардан да кеп сала кетсеңиз?
- Жыл башында атайын иш-программа белгилегенбиз. Өкүлчүлүктүн аппаратынан тартып район-шаарлардын жетекчилигине, айыл өкмөттөргө, маданият тармагынын өкүлдөрүнө тапшырмалар берилген. Ошол себептүү азыр көңүл жылытаарлык иштер болуп жатат. Айрымдарын атай кетсем, Аксы районунда Аялдардын областтык «Энелерди даңктайлы» аттуу 2-форуму болуп өттү. Ош шаарында 17-21-март күндөрү улуттук спорттун 5 түрү боюнча «Нооруз-2016» республикалык мелдешболуп өтүп, Жалал-Абад областы Көк-Бөрү боюнча 4-орун, оодарыштан 3-орун, ат чабыштан 2-орунду камсыз кылды. Ал эми 16-22-май күндөрү «Тарых жана маданият жылына» карата Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын олимпиадалык эмес оюндар боюнча биринчи спартакиадасы болуп, жалпы командалык эсепте 2-орунду камсыз кылдык. Мындан сырткары областтын аймагындагы кооз жерлерибизди даңазалоо, район – шаарларыбыздын, айылдарыбыздын аталыш тарыхын, улуттук баалуулуктарды жаш муундарга калтыруу максатында «Керемет жерим – Кыргызстан» аттуу район-шаарлар аралык кароо сынак өткөрүлдү. Жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жыл-дыгына карата чыгарылат. Аталган кароо сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоого ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 100 000 сом акча каражаты каралган.
- Алдыда дагы бир маанилүү окуя турат. Кыргызстандын керемет аймагында, тактап айтканда Ысык-Көл жергесинде экинчи Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну өтөт. Ал дүйнө элинин көңүлүн бурган иш чара болот. Ага карата област кандай камылга көрүп жатат?
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине карата областыбызга бөлүнгөн 200 даана квоталык билет боюнча областыбыздын аймагындагы 8 район, 4 шаарга, областтык мекеме ишканаларга, массалык маалымат каражаттарына жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына бөлүштүрүлдү. Квота бөлүштүрүүдө аймактардагы калктын саны, эмгек ардагерлери, эмгек сиңирген ишмерлер, коомдук ишмерлер, Аялдар жана Ардагерлер Кеңештери жана социалдык катмар эске алынып, бөлүштүрүлдү. 
Областыбыздан «Хан ордого» тандалган 7 боз үй тигилет. Ошол эле «Хан ордонун» тегерегине театралдык ыкма менен 15 минутада тигүү жана кайра чечүү үчүн 5 канат 75 ууктан турган 4 боз үй даярдалып жатат. Мындан сырткары Улуттук тамак аштын көргөзмөсүнө 3, Уста ордого 3 боз үй, манасчыларга, акындарга жана улуттук көркөм өнөр маданиятына 3, тарыхый экспонаттар жана музейлер боюнча 3, улуттук каада салттарды чагылдыруу боюнча боз үй камдалууда. Жалпы областтан 25 боз үй барат. Мындан сырткары областтык Барпы атындагы театрдын жамаатынын күчү менен «Курманбек» спектакли даярдалып жатат. Ошондой элек «Кыз узатуу» салтын көрсөтүү биздин областка туш келген экен. Аны элдик таланттардын катышуусунда даярдап жатабыз. Кызыктуу концерттик программалар, элдик оюн-тамашалар да көрсөтүлөт.
- Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын алдында турабыз. Ал майрам да өзгөчө белгиленсе керек?
-Ооба, камылга болуп жатат. Бул күнү Жалал-Абад шаарында кеңейтилип жаткан Ленин көчөсүнүн ачылышы болот. Шаардагы башкы көчө аталган бул жерде элдик жүрүш өтөт. Шаардагы бардык мекеме-уюмдар, дегинкиси шаардыктардын катышуусу менен оюн-тамаша өтөт. Чейрек кылым жашап жаткан Эгемендүү өлкөбүздүн түзүлгөн күнүндө жер-жерлерде да маданий-массалык иш-чаралар, улуттук оюн-зооктор жүрөт. Жалал-Абаддын борбордук аянтында жылдагыдай эле театрладаштырылган оюн болот. Концерттик программалар, жаштардын уюштуруусундагы иш-чаралар да элдин эсинде калат деп ойлоймун.
- Маек соңунда Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата куттуктооңуз? 
- Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы эли-журтубузду, областыбыздын калайчык калкын, сиздердин окурмандарды Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен кызуу куттуктап кетемин. Кылымдар бою ата-бабаларыбыз эңсеп келген эгемендигибиз муундан-муунга уланып, түбөлүктүү болсун. Кыргыз мамлекети өнүккөн өлкөлөрдүн сабына кошулуп, дүйнөлүк аброй ала берсин. Жергебизде тынчтык болуп, элибиз биримдик жана достук менен бакубат өмүр сүрсүн!
 
Маектешкен:
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА
Жалал-Абад
скачать dle 11.0фильмы бесплатно