Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

"СУЗАКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК КӨП"

Жалал-Абад жаңылыктары / Интервью
1 691
0

"СУЗАКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК КӨП"

Абдумуктар Маматов, Сузак районунун акими:

“СУЗАКТАГЫДАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК БААРЫНА ЭЛЕ БЕРИЛБЕЙТ”

Сузак районунда  13 айыл өкмөт, 1 шаардан куралып, жалпы калкынын саны  277 472ни түзөт. Жыйырмага чукул улуттун өкүлдөрү жашайт. Басымдуулугу кыргыздар. Район аймагында 115 мектеп жана 39 мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрү иштейт. Район борборунда жайгашкан  чоң 1 маданият үйү элге кызмат көрсөтөт. Андан сырткары айылдарда да кичи маданият үйлөрү бар.

 

Учурда жарым жылдын жыйынтыгы чыгарыпылып, эл дыйканчылык менен алектенип жаткан убак. Бул багытта өз аймагында баардык жаатта чарбачылык кылуу үчүн шарты бар Сузак районунун акими Маматов Абдумуктар Темирбекович менен маек курдук.

 

-Абдумуктар Темирбекович, саламатсызбы? Алгачкы сөздү райондун учурдагы абалынан баштасак?

-Учурда районубуз кудайга шүгүр абалы жакшы. Жылдын жарымынан көбүрөөгүн аяктап койдук. Элибиз дыйканчылык менен алектенип, түшүмдөрүн алып жаткан чагы. Анан да өзүңүздөргө маалым Сузак эли мээнеткеч эл, эрте жаздан тарта эмгектенип башташып, акыркы кездерде кышкысын да жөн жатышпай күнөсканаларды иштетип, мал чарбачылыгын өнүктүрүп келишүүдө. Кыскасын айтканда райондун абалы кубанарлык. Ошондуктан жарым жылдыкты да өз деңгээлинде жыйынтыктап алдык.

 

-Сузак району облустун  борбору аталган Жалал-Абад шаары менен тыгыз байланышта, дээрлик кошуна жашашат. Мындай кошуналык Сиздерге пайдабы же зыянбы?

-Негизинен алганда Сиз айткандай Жалал-Абад шаарын Сузак районунун аймагы курчап турат. Мында бизге зыянга караганда пайдалуу жагы көп. Анткени башка райондорго караганда облус аймагындагы болуп жаткан нерселерден алгачкылардан болуп кабардар болобуз. Андан калса шаарга жакын жайгашкандыктан элибиз маданият, билим, социалдык тармактардан да алдыңкы орундарда болушат. Ал эми зыяны бар деп айтуудан алысмын. Себеби мындай мүмкүнчүлүк баарында эле боло бербейт. 

 

-Кечиресиз, Сузак кезегинде өзүнүн пахтакерлери менен элге белгилүү район эле. Азыр райондун чарбачылыгы эмнеси менен айырмаланат?

-Биздин район бир эле пахтасы менен эмес, айыл чарбасына тиешелүү болгон баардык продукцияны өстүрүп чыга алган, баардык тармакты өзүнө камтыгандыгы менен айырмаланат. Сузак району айыл чарбасы менен мал чарбачылыгынын бир эле багытын эмес, кайсы түрү болсо да өздөштүрүп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турат.

 

"СУЗАКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК КӨП"

 

-Чынында райондун шарты бардык чарбаларды өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Ал эми КР Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өзүнчө буйругу чыккан. Жыйынтыгы кандай болууда?

-Туура айтасыз. Облус жетекчи тарабынан айыл чарбаны өнүктүрүү багытында жазга камылга көрүү боюнча жыл башында буйрук чыккан. Аны аткарууда биз аталган буйруктар бардык айылдык аймактарына жеткирилип, тиешелүү иштер көрүлүп, штабдар түзүлгөн. Райондун 2016-жылдын  түшүмү  үчүн  25 127 гектар аянтка  дан эгиндери  эгилген. Ошол эле учурда дал ушул тармакты өнүктүрүүдө  жалпы 10.34 га жер аянтында 146 даана күнөскана иштеп жатат, анын ичинде Сузак айыл аймагында 12 даана, Ырыс айыл аймагында 60 даана,  Таш-Булак айыл аймагында 67, Кара-Дарыя айыл

аймагында 2 даана, Атабеков айыл аймагында 2 даана, Барпы айыл аймагында 3 даана, Кызыл-Туу айыл аймагында 2 даана иштөөдө. Бир кемчилигибиз Облус жетекчинин күнөсканаларды ишке киргизүү боюнча тапшырмасы Ленин, Көк-Арт, Багыш, Кызыл-Туу жана Курманбек айыл аймактарында жатканында болууда.

 

-Туризм мамлекетибизде маанилүү тармакка айланып баратат. Сузак жергеси дагы туризмге ылайыктуу жерлери менен белгилүү. Анын үстүнө альтернативдүү Жалал-Абад-Балыкчы жолунун бүтүшү менен туризмдин өнүгүшүнө дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп турушат. Бул жагынан Сиздерде кандай пландар бар?

-Түштүктө эң атагы чыккан район болуп, андан сырткары жаңгак токойлорубуз менен башкалардан айырмаланып турабыз. Тоолуу аймакта туруп, жаңгак токойлорубуз, кооз жайлоолорубуз, текши жаткан талааларыбыз менен чынында эле туризм багытын өнүктүрүүгө толук шарттуу районбуз. Мындагы мүмкүнчүлүк менен нечендеген эс алуучу жайларды ачууну акырындап баштадык. Сөзүм куру болбошу үчүн быйылкы жылдагы эле ишибизди айтып өтөйүн, жалпыга белгилүү болгондой Көк-Жаңгак шаарында муз тебүүчү жай ачылган. Анда миңдеген эс алуучуларга кышкы шарт түзүлгөн. Аны менен кошо дагы бир нече эс алуу жайларын ачып, туризмди өнүктүрөлү деген ийги пландарыбыз бар. Альтернативдүү жолдун бүтүшү менен жакшы шарттагы коомдук тамактануучу жайлар да ачылат буйруса.

 

- “Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланып, атайын дирекция түзүлүп, иштеп жатат. Бул багытта Сиздерде эмне иштер аткарылууда?

-Бул жылга карата алгачкы иш-чаралардын бири катары Нооруз майрамында “Сузак күнүн” өткөргөнбүз. Албетте аны эң жогорку деңгээлде өткөрдүк десем болот. Мына кечээ эле Эгемендүү өлкөбүздүн 25 жылдыгын да жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Ошол менен катар эле районубузда ар кандай маданий жана тарыхыбызды камтыган бир топ иш-чаралар өтүп келүүдө. Бул саамалыктар жыл аягына чейин уланат.

 

-Кепти район калкынын жашоо турмушуна жана улуттар аралык мамилелерге бурсак. Анткени баарына маалым болгондой Сузак көп улуттуу райондордун катарына кирет.

-Жаратканга шүгүр элибиздин жашоо шарты, күнүмдүк тиричилиги көңүл жылытарлык. Районубузда  көп улуттуу элдер жашашат. Бирок көз тийбесин баары ынтымакта. Жакшылык-жамандыкта бирге болушуп, достукту бекем карманышат. Кандай гана иш-чаралар болбосун баардык улуттар бирдей катышып, эч кимиси бири-биринен төмөн болушпайт. Анан да эң өзгөчөлүгү баарысы бири-бирин колдогонду билишет.

 

-Сиздин райондо диний экстремизм маселеси курч экендиги жалпыга маалым. Бул жаатта район жетекчиси катары кандай иштерди алып баруудасыз?

-Бул багытта 2016-жылдын эсебинен бир нече жолу чоң жыйындар өткөрүлдү. Андан сырткары ар бир айыл өкмөттө жеке өзүмдүн жетекчилигим астында  имамдар, тартип сакчылары менен биргеликте элди туура эмес динге кирип, түрдүү жаман жосундарды жасоодон сактап калуу аракеттерин көрүү үчүн жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын натыйжасы район аймагынын тургундары ким кайда, эмне кылып жүргөнү такталып жатат.

 

- Жаштар менен иштөө кандай жүрүп жатат?

-Мурун союз учурунда жаштар үчүн атайын ийримдер болчу. Азыркы күндө андай нерселер жоголуп баратканына байланыштуу биз жаштарыбызга көбүнчө спорт жаатында шарт түзүп берүүдөбүз. Анткени дени сак улут, дени сак мамлекетти курайт эмеспи. Анан да биздин жаштар көпчүлүктөн айырмаланып, кайда жүрүшпөсүн өз активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишүүдө. Албетте мындай аракеттеги жаштарыбыз менен биз сыймыктанабыз. Андыктан биздин жаштар эмнеден зарылчылыктары болсо, баарына жардам берүүгө, колдоого, көкөлөтүп көтөрүүгө даярбыз.

 

-Сиз районго жетекчи болуп келгенден тарта ММКда тынымсыз чагылдырылып турасыз. Эң кызыгы дайыма айымдар Сиздин үстүңүздөн даттанышат. Эмнеге андай?

-Өзү негизи бир нерсе жасап жаткан адам гана талкууга алынат да. Анан да ал айымдардын берген маалыматтары чындыкка коошпогонун эл деле билет. Аларга теңелип өзүмдүн принцибимден тайгым келбейт. Сиз кызыгып жаткан суроого токтолсом, артымдан айымдар эле сөз чыгарып, маалымат таратып жаткан болсо демек, мен аларга жагат окшойм. Чынын алганда ит канчалык катуу үрбөсүн анын үргөнү эч качан кербендин кетишине тоскоол боло албайт.

 

-Демек Сиздин пикириңизде айымдар Сизди жактырганы үчүн түрдүү маалыматтарды таратып турушат экен да?

-Ооба. Эгер мен аларга жакпаганда алар менин айланамда жүрүүнүн айласын кылып, ар кандай туура эмес маалыматтарды таратышмак эмес.

 

-Алдыдагы пландарыңыз кандай?

-Алдыңкы убактарда айыл чарбасын эң жогорку деңгээлге жеткирип, өнүктүрүү башкы пландарымдын бири. Ошол эле учурда айыл чарба продукцияларын топтоп, сыртка чыгаруу үчүн базаларды ачууну, аны менен бирге шарты бар жерлерибизге мөмө бактарын тигүүнү көздөп турабыз. Биз бир эле айыл өкмөттө эмес, ар бир көчөдө, ар бир үйдө, ар бир киши менен иш алып баруудабыз.

 

Маектешкен: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, Жалал-Абад облусу

скачать dle 11.0фильмы бесплатно