"Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коому (ААК) күз-кыш
айларына болгон даярдыктарды улантууда. Мындай маалыматты "Жалалабатэлектро”ААКтын
басма-сөз кызматыбилдирди.
Билдирүүгө ылайык, Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ "Келдибек” көмөк чордонунда утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыкты.
"Аталган көмөк чордондун карамагындагы трансформатордун майын алмаштыруу, жаратылыш кырсыктарына, чагылгандын түшүүсүнө туруштук берүүсүн текшерүү жумуштары жүрдү. Мындан сырткары керектүү тетиктер сырдалды”,- деп жазылат маалыматта.
Кошумча билдирүүгө караганда, "Жалалабатэлектро” ААК жогорудагы иш-аракеттерин облустун башка аймактарында да жүргүзүп келишүүдө.