16-август күнү Бишкек-Ош авто
жолунун Ноокен аймагында "Деу-Тико” үлгүсүндөгү унаа оодарылып, 31 жаштагы
айдоочу каза тапты.
Маалыматка ылайык, айдоочу рульду башкара албай калгандыгынан улам унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаа ээси алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Бактыга жараша жүргүнчү аман калган.