Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Жалал-Абад: САРКЫНДЫ СУУНУН КӨЙГӨЙҮ...

Жалал-Абад жаңылыктары / Редактордун колонкасы
1 909
0

Жалал-Абад: САРКЫНДЫ СУУНУН КӨЙГӨЙҮ...Күнүмдүк жашообузда колдонгон кир суу же адамдан чыккан заң суулар кайда барат деген суроо ар бир эле жаранда пайда болот. Жалал-Абад суу чарба башкармалыгынын саркынды сууну тазалоо бөлүмүндө эки тазалоочу бөлүм жайгашкан. Биринчи саркынды сууну тазалоочу бөлүм 1962-жылы салынган. Ага күн сайын 3 миң куб саркынды суу келет. Тазалоодогу оош-кыйыштар тууралуу төмөндө сөз болмокчу.

Жалал-Абад шаарынын чети, биринчи жолу келген адамга жыты алыстан эле буркурап турат. Анткени аталган жайга шаардан топтолуп келген саркынды сууну тазалоочу жай орун алган. Жакындаган сайын жанында жайгашкан үйлөрдү дээрлик кезиктире албайсың.

Гүлбүбү Атамбекова аталган мекемеде эмгектенгенине 6 жыл болуптур. Саркынды сууну хлордоп тазалайт.

-Cаркынды суулар бир нече этап менен тазаланып келет. Биринчи чоң бачокторго топтолот андан соң сетка менен калкып тазаланат андан кийин таза болуп келет. Хлор кошуп тазалап дарыяга кошобуз. Хлор кошулганда суу тазаланып чыгат,- дейт хлоратор Атамбекова.

Жалал-Абад шаардык суу канал башкармалыгынын саркынды сууларды тазалоочу 1-бөлүм 1962-жылы салынган. Мында насостук мотору жок, суу өз нугунда келип тазалоочу бочкаларга топтолот, суунун бетине калкып чыккан саркындыларды кызматкерлер өздөрү тазалап чыгышат.

-Шаардан келген саркынды суу ушул аэрацияга чогулат. Мындан бетине калкып чыккандарды тазалап алабыз. Андан кийин турдуруучу бетондорго куюлат,- деп билдирди оператор Рахматилла Ахмедов.

Аталган жайда иштөө адам ден-соолугуна зыяндуулугу күч ошондуктан кызматкерлер күнүнө сүт азыктары менен тамактанууга туура келерин айтышат мындагылар.

Саркынды сууларды тазалоочу 2-бөлүм Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында 1989-жылы салынып, 35 миң куб сууну тазалоого ылайыкташкан. Бирок мында бир күндө 7 миң куб суу келип атайын механикалык тазалоодон өткөрүлөт.

-Келген сууларды тундурууда машинанын балонуна чейин тапканбыз. Мотордук насос өчүп калганда экинчи кошумча насосубузга алмаштырууга аргасыз болобуз,- дейт Жалал-Абад шаарынын суу канал башкармалыгынын инженер-технологу Сабыр Ботобаев.

Саркынды суулар төрт этапта тазаланат алар механикалык, физикалык, химиялык, жана Биологиялык. Алгач саркынды суу аэрация станциясына түшкөндө чоң таштандылар сүзүлүп алынып, алар жерге көмүлөт. Кум чыпкалагыч болсо таш-кумдарды калпып алат.

Тазаланган сууларды химиялык тазалоодо эки эсе хлор кошулуп, суунун тазалыгын текшерүү үчүн атайын лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлөт. Текшерилген суу кайра коопсуз жайга башкача айтканда Көк-Арт дарыясына кошулат.

Аталган жайда 22 кызматкер эмгектенип, жумушчулар жабдууларды оңдоого, алмаштырууга, жаны жабдыктарды коюу шарт дейт жетекчи. Анткени мындагы жабдыктардын алды 55 жылдан бери кызмат кылып келет.
 
Элиза АКЖОЛТОЕВА, "Взгляд" үчүн
скачать dle 11.0фильмы бесплатно