Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

БИС-27 БУЛАГЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ

БИС-27 БУЛАГЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮӨткөн аптада Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасында жайгашкан "Келечек” жабык акционердик коомуна таандык болгон "БИС-27" булагы Барпы айыл аймагынын жараны Казыбек Ташиев менен "Келечек” ЖАКтын жетекчиси Тумановдордун ортосунда талашка түштү. Мындай маалыматты аталган мекеменин кызматкерлери билдиришти.

Билдирүүлөргө ылайык, Казыбек Ташиев БИС-27 булагын менин менчигим деген максат менен басып алып, булактан суу алууга уруксат бербей жатат.

"Бул мезгилге чейин,мындан 2,5 ай мурун да Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтү баш болуп келип булакты басып алышып, 9 күн "БИС-27" булагынансуу алууга тоскоолдук жаратышып, "Келечек” ЖАКна караган ПЭТ "Бурулсун” ишканасынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан болчу”,- деп билдиришет ишкана кызматкерлери.

"Келечек” ЖАКнун өкүлү Мирлан Тумановдун айтымында, "БИС-27" булагытурган 0,80 сотых жерге айыл өкмөт кызматкерлеринин да Казыбек Ташиевдин да кирип алып, булактан суу алууга уруксат бербей жатканы өзү мыйзамды бузууга жатат.

"Негизи мындагы иште жер талашып жаткан тараптар БИС-27 булагына кызыктар болушууда. Ал эми алар талашып жаткан 3,8 га жер биздин булактан сыртта жайгашкан, бадам бак эгилген жер. Ага карабай айыл өкмөт, жайыт комитети жана Казыбек Ташиев келип бул жерди мыйзамсыз талашууда. Мамлекеттик каттоо кызматында алар талашып жаткан жер менен биздин булак турган жер таптакыр эки башка көрсөтүлгөн. Ошентсе да булакты тартып алууга кызыктар тарап биздин, жеке өзүбүздүн жерибизден сууну алууга тыюу салып, жол тосуп коюшуп, 300дөн ашуун кызматкерибизди жумушсуз калтырышууда”,- дейт Мирлан Туманов.

Ал эми Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы Салмоорбек Турдукулов азыркы учурда талашка түшүп жаткан "БИС-27" булагы турган 0,80 сотых жер "Келечек” ЖАКна таандык экендигин маалымдады.

-Барпы айыл өкмөтүнөн караштуу Курук-Сай деген участкасы биздин башкармалыктагы каттоосу боюнча айта турган болсом, "Келечек” ЖАКнун 0,80 сотых жерди ээлеген жер участогу Барпы айыл өкмөтү менен 2002-жылы түзүлгөн келишимдин,Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдагы чыгарган токтомунун негизинде биздин башкармалыктан жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө 49 (кырк тогуз) жылга күбөлүк алып, каттоодон өткөрүлгөн. Ошол каттоо бойдон эле турат. 2051-жылга чейин деп мөөнөтү көрсөтүлгөн. Бул күбөлүктү, айыл өкмөттүн келишимин, райондук мамлекеттик администрациянын токтомун жокко чыгаруу боюнча соттун чечими бизге келип түшкөн эмес. Эгер келип түшкөн болсо, анда дагы маалымат беребиз. Бүгүнкү күндө бизде андай маалымат жок.

БИС-27 булагы жайгашкан аймакты "менин менчигим” деп жаткан Казыбек Ташиев айтымында, 19-сентябрь күнү сот аткаруучулар келип жерди жайыт комитетине өткөрүп беришкен. Ал күнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, жер комитетинин адистери болушкан. Жайыт комитетине өткөн жер 3 гектар 80 сотых чыгат деп картасында көрсөтүлгөн. Ушул АКТынын негизинде К. Ташиев "Бис-27" булагычыккан жердин да мыйзамдуу менчик ээсимин деп эсептээрин билдирди.

"Менин аракеттеримдин баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Ашыкча эч нерсе кылган жокмун. Жайыт комитетинин чечимине ылайык бул жер мага тийиштүү. Жерди келишимдин негизинде алганмын. Ошондуктан суу берүүнү токтоттум. Аз күндө өзүм ишкана куруп, минералдык суу чыгарууну кайра жөнгө салам. Ырас, укуктуу өлкөдө жашагандан соң өз укугумду коргоп, өз жериме ээлик кылам”,- дейт Казыбек Ташиев.

Ал өз сөзүндө Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан "Келечек” ЖАКму алган мамлекеттик АКТ өзү туура эмес берилгенин айтып, "Жайыт жерлери менчикке берилбейт – деп чоң кылып жазып койгон. Ошол маалда иштеген айыл өкмөт башчылары мыйзамды билбей берип жиберишкен. Он жолу мамлекеттик АКТ алышса да, бул өзүнөн-өзү жок болуп кетет”, - деп кошумчалады.

Бул иш мындан ары кандай жүрөт? Талаштын жыйынтыгы эмне менен бүтөт? Булак талашуунун артында эмне кызыкчылыктар бар? Бул суроолорго жоопту гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар...

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, "Взгляд”


скачать dle 11.0фильмы бесплатно

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх