
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган маалыматты тактоо максатында Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жер көчкү кооптуулугу пайда болгон аймакка жөнөп кетишкен.
ӨКМдин басма сөз кызматы Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында кечээ, 24-январда саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120 миң метр куб жер көчкү сүрүлүп баштаганын кабарлады. Анын кесепетинен 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.
«ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси, Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде маалыматты тактоо иш-чараларын жүргүзүштү. Жыйынтыгында коркунуч жаралган турак үйлөрдүн экөөндө тургундар жок экени, ал эми бир үйдө 4 адам жашап жатканы аныкталды. Учурда алар туугандарыныкына көчүрүлүүдө», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.
Тактоо иштери бүгүн, 25-январда улантылат.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:339079/?from=kg_turmush&place=newstoplast