DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Аксыда сот аткаруучу жол кырсыкка кабылды

Аксыда сот аткаруучу жол кырсыкка кабылды

 Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 9-сентябрда саат 22:00 чамасында Кербен шаарында катталган. А.С. аттуу жаран өзүнүн «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен негизги жолго чыкканда аны «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен А.С. жабыркап, Аксы райондук ооруканасына жеткирилди. Жабырлануучу Ала-Бука райондук сотунун сот аткаруучусу экендиги аныкталган.

Аксы аймактык ооруканасынан 1989-жылы туулган А.С. ооруканада жатканын ырастап, ал башынан жаракат алганын жана абалы орто экенин билдиришти.

Ал эми «Мазда Демио» унаасынын айдоочусу мас абалда экени аныкталып, унаасы айып короого киргизилген.
http://www.turmush.kg/news:375606?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад