DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Жалал-Абад обл Жердештеринин мал-жандыгын уурдап, сатып жиберген жигиттер кармалды

Жалал-Абад обл Жердештеринин мал-жандыгын уурдап, сатып жиберген жигиттер кармалды

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында Ноокен РИИБге райондун 4 жашоочусу мал-жандыгы жоголгонун айтып арызданышкан. О.Ж. аттуу жергиликтүү тургун 11-июлга караган түнү 12000 сомдук бир торпогун, А.Н. аттуу жаран 19-июлда 15000 сомдук бир баш торпогун, М.Х. аттуу тургун 20-июль күнү 16000 сомдук бир баш торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Бул арыздардын бардыгы РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ноокен районунун дагы бир тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон 8000 сомдук торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси («Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү делип Ноокен районунун 4 тургуну кармалды. Изин жашырып жүргөн жеринен 1992-жылы туулган П.Ш., 1995-жылы туулган Т.И., 1998-жылы туулган А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну С.С. ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган мал-жандыктарды жакынкы райондордогу мал базарларга алып барып сатып жиберишкени белгилүү болгон.

Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси такталууда.
http://www.turmush.kg/news:380631?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад