DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары / Демилге > Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңишке карата көчөт отургузулду

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңишке карата көчөт отургузулду

Белгилүү болгондой, калаанын Дача конушунда тигилген көчөттөр кандуу согуш жылдарында жеңишке жетүү үчүн фронтто жана тылда өз өмүрлөрүн бергендердин элесине арналат. Бак отургузуу иш-чарасына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, РФнын Оштогу генералдык консулу, славян диаспорасынын өкүлдөрү жана калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.


Ушул тапта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин урматына облустун ар бир шаар-райондорунда бак тигүү пландаштырылууда.


«Буга чейин бизге Жалал-Абаддагы славян диаспорасынын өкүлү кайрылып, 50 түп мөмөлүү көчөт алып берүүбүздү өтүнгөн. Биз шаар бийлигине бул боюнча билдирип, атайын жерлерди тактадык. Бүгүнкү күндө калаадагы Дача конушунда, тагыраагы християн көрүстөнүнөн анча алыс эмес жерде бак тиктик. Тигилген көчөттөр согушта эл-жерин коргогон аскерлерге болгон ыраазычылыктын символун билдирет.


Ушул тапта мындай бак отургузуу боюнча облустагы бардык шаар-райондордун жетекчилерине тапшырмалар берилген», - деди Ырысбек Ызабеков.


Жалал-Абад облусунда 18 согуш ардагери жана 45 тылдын ардагерлери бар.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад