DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Жалал-Абадда балдардын шал оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат

Жалал-Абадда балдардын шал оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Кадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы облуста 7 бала шал оорусуна шектелип, ата-энеси ак халатчандарга кайрылган.


«Негизинен бул илдетке жыл сайын пландуу түрдө эмдөөлөрдү жасап келебиз. Тагыраагы, бала жаңы төрөлгөндө, 2 айында, 3,5 жана 5 айларында жасалат. Бирок 2016-2018-жылдары белгисиз себептерден улам аталган эмдөө балдарга жасалбай калган. Ушул тапта медкызматкерлер үч жана беш жаштагы, тактап айтканда 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар жана ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдарды каттап, эмдөө жүргүзүп жатышат.


Бул илдет Жалал-Абад облусунда 2000-жылдан бери каттала элек. Бирок өткөн жылы 7 баланын ата-энеси балдары дене табы көтөрүлгөндөн кийин баса албай калганын, физикалык кыймылы начар болуп жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Алар полиомиелитке күмөндүү деп каттап, анализдерин Москвага жиберген. Бирок арадан убакыт өтүп, кайрылган балдар аксап басып жүрүп, кайрадан басып кетишкен», - дейт К.Пратова.

Кадича Пратова

Аталган илдетке болгон эмдөө бекер. Ушул тапта өлкөдө 180 миң доза вакцина бар экени айтылат. Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган болчу.

Полиомиелит — балдарды өлүмгө чейин алып барган инфекциялык оору. Анын кесепети адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Дарттын дабасы жок, бирок вакцинанын жардамы менен коргонсо болот.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад