DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине учкуч М.Мадияровдун ысымы берилди

Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине учкуч М.Мадияровдун ысымы берилди

Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине авиациянын полковниги, маркум М.Мадияровдун ысымы берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Белгилүү болгондой, калаанын Спутник кичи шаарчасындагы Көк-Арт көчөсүнүн аталышын өзгөртү боюнча сунушту ушул жылдын 10-мартындагы шаардык кеңештин сессиясында эл өкүлдөрү колдоп берген.

«Спутник кичи шаарчасындагы негизги болгон Манас проспектиси жана Жеңижок көчөлөрүн кесип өткөн мурдагы Көк-Арт көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, ага полковник Мамазакир Мадияровдун ысымын ыйгаруу боюнча шаардык кеңештин токтому чыккан. Кечээ күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана аскер кызматкерлери менен бирге ысым ыйгаруу аземин өткөргөнбүз», - деди Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев.

Мамазакир Мадияров 1959-жылы Сузак районунун Октябрь айылында төрөлгөн. Ал 1981-жылы учкуч-инженер кесибин бүтүрүп, бир топ жылдар бою учкуч болуп аскерде кызмат өтөгөн. Ошондой эле, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга, Тоолуу Карабахтагы улуттар аралык кагылыштарды жөнгө салууга, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына да катышкан.

Мадияров Көк-Жаңгак, Майлу-Суу, Жалал-Абад шаардык, Аксы, Лейлек райондук аскер комиссариаттарында комиссар болуп иштеген. Ошондой эле, 2003-2008-жылдары ЖАМУнун аскер кафедрасынын башчысынын орун басары, кафедра башчысы болуп эмгектенген. 2008-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

Ал мындан 1,5 жыл мурда 60 жашында каза болгон.

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:435365

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад