DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Сузакта 21 жаштагы жигит айдап келе жаткан «БМВ Х5» текшерүүгө алынды

Сузакта 21 жаштагы жигит айдап келе жаткан «БМВ Х5» текшерүүгө алынды

Сузак районунда жасалма номур менен унаа айдап бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, түзүмдүн инспектору Б.Абдыкадыров тарабынан Жалал-Абад—Казарман унаа жолунда алдыңкы терезелери караңгылатылган «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны Жалал-Абад шаарынын 2000-жылы туулган тургуну О.А. айдап келе жаткандыгы, унаанын номуру жасалма экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча материалдар топтолуп, унаа атайын айып короого токтотулуп, ал эми айдоочусу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:437257

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад