DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары / На злобу дня / Экономика > Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан Кара-Дарыя дарыясына суу коё берди

Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан Кара-Дарыя дарыясына суу коё берди

Өзбекстан Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычынан Кара-Дарыя дарыясына суу коё берди.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүсү менен коңшу өлкө Кара-Дарыя дарыясына суу коё берди. Эми Сузак, Ноокен, Базар-Коргон районундагы элдин сугат сууга болгон түйшүгү жеңилдейт. Суу берилген дарыя нугундагы абалды кечээ министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жеринен көрүп келди.

Жалал-Абад башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Таалай Ашыралиевдин айтымында, бүгүнкү күндө секундасына 30 метр кубдан суу келип жатат.

«2020-жылы Кемпир-Абад суусунан бизге эч кандай суу берилген эмес. Быйыл эки өлкөнүн өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү менен суу тартыштыгы жеңилдеди. Суу сактагычтан дарыяга түшкөн сууну топтоп, каналга жеткирип берүүгө аракет кылып жатабыз. Суу сактагычтан каналга жеткенге чейин болжолдуу 40 чакырымдай аралыкты түзөт. Сайлар бүт карьерге толуп кеткендиктен суу ар тарапка чачырап, жерге сиңип да жатат. Ага карабастан сууну бириктирип, бир нукка салып жатабыз. Сууну чогултуп, өз нугуна салып алсак биздин жеңишибиз болот», - деди ал.

Кара-Дарыя каналынын жалпы узундугу 38 чакырымды түзөт. Бул каналдан Кара-Дарыяда 1300, Сейдикумда 1600, Ноокенде 1800 гектар жерге суу жетет.

 
 
 
https://jalal-abad.turmush.kg/news:438237

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад